00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Сузакта "Портер" жүрүп кетип, андан жабыркаган балдар Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирмеге ылайык, алар Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылды. Буга чейин президент Садыр Жапаров жабыркагандарга жогорку квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү максатында балдарды Бишкекке алдыруу тапшырмасын берген. Алар борбор шаарга атайын борт менен алып келинген. Эске сала кетсек, кечээ, 2-май күнү, саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды Porter унаасы коюп кеткен. 48 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айткан.
Билим берүү жана илим министрлиги “Акылман” президенттик лицейине кабыл алуунун жаңы талаптары тууралуу айтып берди. Билим жайына кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлүп, мектепте 6-8-класста “жакшы” жана “эң жакшы” баага окуган окуучулар катыша алат. Тандоонун жыйынтыгында лицейге 6-класстар арасында эң жогорку балл алган 72 окуучу, 8-класстардын ичинен 48 окуучу кабыл алынат. Сынактын алкагындагы тестирлөөлөр 11-майда башталып жалпы үч тур менен өткөрүлөт. Маалымат алуу үчүн Telegram тиркемесиндеги “Акылман” кабыл алуу-2024” тобуна кошулуу керек же Билим берүү министрлигинин сайтына баш багуу зарыл.
Жеңиш күнүнө карата борбордо “Георгий тасмасы” акциясы башталды. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") билдирди. Маалыматка ылайык, акция жыл сайын өткөрүлүп келет. Дүйнөдөгү миллиондогон адамдар мекенди коргоодо эрдик көрсөткөндөрдүн урматына кийимдерине лента тагып келишет. "Русский дом" шаардыктар лентаны акысыз алса болорун, бир колго 20 даанасы берилерин айтты. Ал эми 20дан көп тасма алууну каалаган уюмдар билдирме толтурушу керек. Лентаны 8-майга чейин күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Эркиндик проспекти, 2/1 дарегинен келип алып кетүүгө болот.
Тиш дарыгери Алексей Антипенко Sputnik радиосунда адам тишин дарылатуунун алдында кандай эрежелерди сакташы керектигин түшүндүрүп берди. Айтымында, бейтаптын ага карата туура даярдыгы дарылоонун сапатына таасир берет. "Адегенде ойлорду иретке келтирүү зарыл. Тынчсыздануудан арылып, тиш дарылоо коопсуз жана натыйжалуу процедура экенине ишенүү керек. Мындан тышкары, процедуралар дайыма ооруну сездирбөөчү дары сайылгандан кийин аткарыларын эстен чыгарбоо зарыл. Туш келген тиш дарыгерине баргандан көрө тааныштар сунуштаган стоматологго барган оң", – деп белгилеген Алексей Антипенко. Адис эртең тиш дарыгерге барам деген түнү жакшылап уктап эс алуу зарыл экенин айткан. Ошондой эле адис тиш дарыгерине барардын алдында жакшылап тамактанууну сунуштайт. Айтымында, адам ачка болсо процедура учурунда шилекей көп бөлүнүп чыгат. Мындан тышкары, тиш дарылатуунун алдында да, андан кийин да дароо алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө болбой турганын түшүндүргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0