00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Сузакта Porter сүзүп кеткен окуучулардын бирине Бишкекте операция жасалып, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, 9 жаштагы кыздын баш сөөгү сынып кеткен. "Кызга операция ийгиликтүү жасалып, азыр абалы туруктуу. Башка жабыркагандардын баары дарыланып, компьютердик томографиядан, айрымдары лабораториялык изилдөөлөрдөн өттү. Кээ бирине көрсөтмөгө жараша операция жасалат", — деп жазылат кабарда. Жалал-Абаддагы ооруканаларда 9 бала дарыланып жатканы, бардыгынын абалы туруктуу экени кошумчаланды. Биринин абалы жакшырып, үйүнө чыгарылган.
Борбордук шайлоо комиссиясы Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан Бактияр Калпаевди Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп тааныды. №2 Баткен шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 10 талапкер катталган. Бактыяр Калпаев Баткен шайлоо округу боюнча өткөн шайлоодо 41,51% добуш алган. Бул округда мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда 8 арыз жана даттануу түшкөн. ​БШК даттануулар каралганын жана алар боюнча чечим кабыл алынып, мыйзамдарга ылайык жазуу жүзүндөгү жооптор берилгенин билдирди. 28-апрелде Ош, Баткен, Кара-Суу шайлоо округдарынан бир катар депутат мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырганы үчүн кайра шайлоо өттү.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түнкү клуб ээлерине жана мындай жайларды иштеткендерге кайрылып, социалдык тармактагы баракчасы аркылуу эскертүү берди. Ал акыркы убакта өткөрүлгөн рейддерде түнкү клубдардан баңгизаттар, көбүнчө синтетикалык кошулмалар бар каражаттар табылганын белгилеген. "Жаштардын саламаттыгына кам көрүү багытындагы иштерди дагы да күчөтүү максатында түнкү клубдарды иштеткендерге, алардын ээлерине да эскертүү. Баңгизаттардын кайсы түрү болбосун клубдарга алып кирүүгө, ал жакта таратылып, сатылуусуна жол бербегиле. Эгерде ошондой учурлар катталса мыйзам чегинде жоопко тартыласыздар", — деген Ташиев.
Ош шаарына Москвадан Кремлдин дубалындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оттун бир бөлүгү алып келингенин мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, аны 4-май таңга маал Россия президентинин ишенимдүү адамы, актер Михаил Мамаев, "Элдик фронт" кыймылынын Красноярск крайындагы облустук аткаруу комитетинин башчысы Оксана Ларионова жеткирген. Конокторду Ош мэриясынын, Россотрудничествонун жана Россиянын Башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алган."Эскерүү оту" эл аралык акциясынын алкагында митинг-реквием өтүп, от жагылып, андан соң Түбөлүк оттун бөлүкчөсү Кыргызстандын башка шаарларына өткөрүлүп берилмекчи", — деп жазылат маалыматта. Бул иш-чара быйыл Ош шаарында экинчи жолу өтүп жатканы кошумчаланды.
Грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмак ченинде Азиянын үч жолку чемпиону кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 1-орунду сактап калды. Дүйнөлүк күрөш уюмунун жаңыланган рейтинги Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Жоламан Шаршенбеков Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын финалында жапониялык балбан Кайто Инаба менен күч сынашып, атаандашын 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, Азия чемпионатынын үч жолку чемпиону болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0