6-майга карата аба ырайы

© Sputnik / Игорь Подгорный / Медиабанкка өтүүТалаа. Архивдик сүрөт
Талаа. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. 6-майга караган түнү жер-жерлердеги жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидромет маалымдады.
Дүйшөмбүдө бийик тоолуу райондорго кар түшүп, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаай турганын да айтышты.
Анткен менен абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Талас жеринде +17…+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +23…+28, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмдөрүндө +15…+20 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +21…+23, Ош шаарында +26…+28 градуска чыгат.
Бишкектин Эркиндик бульварында сейилдеп жургон адамдар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Күн ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0