00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:09
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Сузактагы жүк ташыган автоунаадан жабыркап, Бишкектеги ооруканада дарыланып жаткан окуучулардын ичинен үчөөнө операция жасалып, андан соң жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Бул туурасында Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынан кабарлашты. Hyundai Porter тебелеп кетип 32 бала жабыркаган, алардын ичинен 10у борбордогу аталган ооруканага жеткирилген. Төрт окуучу кайра жандандыруу, алтоо травматология бөлүмүнө жаткырылган. "6-майга карата кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган төрт окуучунун үчөөнө жогорку квалификациялуу адистер жасаган операция ийгиликтүү өткөн, бүгүнкү күндө абалы туруктуу болуп жакшырып калгандыктан травматология бөлүмүнө которулду. Ал эми ошол эле бөлүмдө дарыланып жаткан алтоонун абалы жакшы", — деп айтылат оорукана билдирген маалыматта. Бут сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага кийинки жуманын шаршемби күнүнө операция жасоо пландалууда.
Этникалык кыргыздардын Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн 75 квота бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. Билдирмеге ылайык, сынакка Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Пакистандын жарандары болгон этникалык кыргыздар катыша алышат. Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин student.edu.gov.kg онлайн системасына катталып, "Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2024-2025-окуу жылында кабыл алуу" бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле ушул жылдын 27-июну саат 23:59га чейин сайттагы милдеттүү болгон боштуктарды толтуруу зарыл. Алар, паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү орус же кыргыз тилиндеги котормосу менен; билими тууралуу документтин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү орус же кыргыз тилине которулган тиркемелери менен; үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат; талапкерлердин академиялык тармактагы жетишкендиктерин тастыктаган сертификаттар, дипломдор, медициналык күбөлүк 086; ВИЧ/СПИД жок экендиги жөнүндө маалым кат болушу керек. Документтердин толук эмес болгон арыздар автоматтык түрдө четке кагылары эскертилди.
Бишкекте 19-майда өтө турган One Run жарым марафонуна эки миңдей адам катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. Маалыматка ылайык, ал күнү Россия, Беларусь, Тажикстан, Кытай жана Өзбекстанда да ушундай эле жарыш пландалган. Спорт сүйүүчүлөр үчүн 5, 10 жана 21,1 чакырымдык аралык каралган. Ошондой эле кичинекей балдар да бир чакырымга чуркашат.
Мишель Обама Жозеф Байдендин ордуна президенттикке талапкер болуп калышы ыктымал. Бул тууралуу Der Spiegel басылмасы жазды. Маалыматка ылайык, айрым демократтар Чикагодо августта өтчү партиялык съездде Байден шайлоого катышуудан баш тартып, өзүнүн ордуна мурдагы президент Барак Обаманын жубайы Мишель Обаманы сунушташы мүмкүндүгүн боолголоодо. "Демократиялык партия Мишелди потенциалдуу талапкерлердин сурамжылоосуна да кошкон. Көптөгөн америкалыктар президент аял болушун кыялданышат", — деп белгилейт басылма. Белгилей кетсек, мартта Обама айымдын кеңсеси имиштерге карабастан анын шайлоого катышуу ниети жок экенин билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0