00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Жаңы кыргыз кандай болушу шарт?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:09
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жайында Кыргызстанда тамчылатып жана жаадырып сугаруучу жабдыктарды чыгарган заводдун курулушу башталат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.Тиешелүү меморандумга суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев менен түрк компаниясынын жетекчиси Хусеин Акин кол коюшкан.Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушууда компаниянын өкүлдөрү анын потенциалы, тармактагы 35 жылдык тажрыйбасы тууралуу маалымат беришкени айтылды.Тамчылатып жана жаадырып сугаруу жабдыктарын чыгарган заводдун курулушуна инвестициялык макулдашуудан кийин биринчи этап менен 10 миллион доллар инвестиция салынат. Курулуш иши толук сегиз ай аралыгында жыйынтыкталып, ишке берилери күтүлүүдө. Завод курууга жалпы аянты 10 гектар жер керектелет", — деп айтылат маалыматта.
Кыймылсыз мүлк соңку алты жылда пайда кошулуп сатылса фискалдык орган киреше салыгын жана туум чегерүүгө укуктуу. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков билдирди. Эске салсак, Экономика жана коммерция министрлиги 9-июнга чейин пландалган активдерди мыйзамдаштыруу кампаниясын жыл соңуна чейин узартууну сунуштаган.Мамлекеттик салык кызматынын бирдиктүү салык декларациясын талдоо бөлүмүнүн башчысы Эдил Исраилов сандар менен мисал келтирди. Эгерде турак жай 30 сомго сатып алынып, белгиленген мөөнөткө жетпей 40 сомго сатылса, анда пайда 10 сомду түзөт. Дал ушул суммадан 10 пайыз киреше салыгын, башкача айтканда, бир сом төлөш керек.
73 адам мүлкүн мыйзамдаштырды. Алардын ар биринин мүлкү 100 миллион сомдон ашат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков билдирди. Адис эгер баасы 100 миллион сомдон төмөн болгон мүлк мыйзамдаштырылса, анда эч нерсе төлөнбөй турганын эске салды. Ал эми бул чектен ашкан активдер жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда бир миллион сом өлчөмүндө белгиленген төлөмдү төлөш керек болот.Ысабеков белгилегендей, Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, мыйзамдаштыруу үчүн 3 716 адам атайын декларация тапшырган."Ал эми 73 жаран бир миллион сомдон төлөп атайын декларация тапшырды. Муну менен алар 100 миллион сомдон ашык суммадагы мүлкүн жана кирешесин мыйзамдаштырды", — деп айтылат маалыматта.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Россиянын президенти Владимир Путин 16-17-майда Кытайга мамлекеттик сапар менен бара турганын Кремль билдирди.Бул анын кызматка киришкенден кийинки чет өлкөгө биринчи сапары болору белгиленген."Россия менен Кытайдын лидерлери ар тараптуу өнөктөштүктүн жана стратегиялык өз ара кызматташуунун бардык комплексин деталдуу талкуулашат. Ошондой эле орус-кытай практикалык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныкташат. Эң актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашуу дагы болот", — деп айтылат маалыматта.Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүнө жана бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.Владимир Путин менен Си Цзиньпин дипломатиялык мамилелердин орношунун 75 жылдыгына жана Россия менен Кытайдын маданият жылдарынын ачылышына арналган салтанаттуу кечеге катышат
Жаңылыктар түрмөгү
0