00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов алкоголдук продукциянын аталышына улуттук баатырлардын атын колдонууга каршы чыкты. Ал айрым мыйзам актыларга өзгөртүү сунуштаганын, бирок Экономика жана коммерция министрлиги мыйзам долбооруна атайын талдоо талап кылганын белгилеген. "Манас", "Семетей", "Сейтек" деп аталган алкоголдук ичимдиктердин курамын эмес, аталышын өзгөртүүнү сунуштап жатам. Бул ишканалар мага демектен атасынын же баласынын атын коюп алышсын. Болгону руханий башатыбыз болгон "Манас" эпосундагы оң каармандардын атын пайдаланбасын", — деди Икрамов. Ошондой эле ал айрым алкоголь чыгарган ишканалар үчилтикти коргогон мыйзамдарды этибарга албай продукцияга эпостогу аталыштарды колдонгонун белгиледи. Эл өкүлү маселе боюнча протоколдук тапшырма берүүнү айтып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден көзөмөлгө алуусун өтүндү.
Казанда "Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum — 2024" XV эл аралык экономикалык форуму башталды. 80ге жакын өлкөнүн өкүлдөрү эл аралык алака, экономика, туризм, бизнес, илим жана технология, исламдык каржылоо жана инвестиция, спорт, адал индустрия жана башка багыттагы маселелерди талкуулашат. Кыргызстандын Экономика министрлигинин маалыматы боюнча форумда 12 кыргыз компаниясы өзүнүн продукциясын көргөзөт. Анын жыйынтыгы боюнча компанияларга соода келишимдерди түзүү үчүн потенциалдуу кардарларды табуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Мындан тышкары, ишкерлер бетме-бет форматында жолугушууларды өткөрүшөт. Форумдун коноктору үчүн бизнес иш-чаралардан тышкары маданий программа да каралган. Иш-чара 19-майга чейин созулмакчы.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 16-18-май күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ылдыйыш жана төмөн жерлерди суу каптап, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайт.
АКШ президенти Жозеф Байдендин администрациясында алдыдагы бир нече айдан кийин Украина үчүн чечүүчү убакыт келип, Киев менен Москва кайсы бир учурда согуш отун токтоткон чечимди кабылдаарын күткөн маанай улам өсүүдө. Бул туурасында америкалык New York Times басылмасы жазганын РИА Новости билдирди. "Байдендин администрациясында алдыдагы бир нече айдан кийин чечүүчү учур жаралып, эки тарап согуш отун өчүрүү боюнча сүйлөшүп, 1953-жылы Кореяда болгон согушка чекит койгондой мезгил келет же чатакты жөн гана токтотуп коюшат деген сезим улам күч алууда", — деп жазган АКШдагы жана анын союздаштарындагы аткаминерлерден интервью алган New York Times. Москва буга чейин кепке келүүгө даярдыгын бир нече жолу билдирип келди, бирок ага Киев мыйзам деңгээлинде тыюу салган. Батыш өлкөлөрү Москваны сүйлөшүү жолуна түшүүгө чакырып келет. Буга чейин Кремль Украинадагы абалды азыр тынчтык жолуна салууга негиз жоктугун, Россия үчүн башкы приоритет атайын операцияны максатына жеткирүү экенин, бул согуш жолу менен гана мүмкүн болуп жатканын айткан. Москва Украинадагы жагдай Киев де-факто абалын жана жаңы реалдуулукту кабыл алганда гана тынчтык жолуна түшөрүн, ал эми Россиянын бардык талаптары белгилүү экенин билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0