00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Жаңы кыргыз кандай болушу шарт?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:09
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров 15-майда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушту. Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр болуп, кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланды. Садыр Жапаров Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык кеңири потенциалга ээ экенин белгиледи. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык баштапкы баскычта турат. Садыр Жапаровдун маалыматына караганда, сүйлөшүүлөрдө айыл чарба, туризм, энергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, тоо-кен, инфраструктура, маалымат технологиялары, халал-индустрия жана экономиканы өнүктүрүү жөнүндө сөз болду. Кызматташуунун толук дарамети азыркы мезгилге чейин жакшы ачылбай келгендиктен кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясынын ишин жандандыруу маселеси көтөрүлдү. Жолугушууда Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түз авиа каттамдарды ачуу боюнча да сөз болду. Анвар Ибрагим Кыргызстан менен Малайзия соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыра алышарын айтты.
Ак ниет ишкерлер бир катар артыкчылыктарга ээ болот. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында ак ниет ишкерлердин реестри түзүлөт. Ага ишкерлерди Экономика жана коммерция министрлиги түзгөн ведомстволор аралык комиссия тандап киргизет. "Ушуга байланыштуу ишкердик субъектилеринен арыз берүүгө активдүү катышууну суранабыз", — деп жазылган маалыматта. Реестрге кирген ишкер төмөндөгүдөй артыкчылыктарга ээ болот: мамлекеттик телеканалдардан медиажарнама үчүн акысыз эфирдик убакыт алат; салык жана бажы кызматтарын кезексиз алат; эл аралык көргөзмө, жарманке, форумдарга акысыз катышат; салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү кошпогондо реестрге киргизилген учурдан тартып мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан үч жылга текшерүүдөн бошотулат; мамлекеттик насыялоо программаларын ишке ашыруунун алкагында жеңилдетилген каржылоо алат. Реестрге киргизүү критерийлери министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген ак ниет ишкерлердин реестрин жүргүзүү жөнүндө жободо көрсөтүлгөнү кошумчаланды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине мобилдик барокамера тапшырылды. Мекемеден билдиришкендей, аны кабыл алуу иш-чарасына министр Бообек Ажикеев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, ТИКАнын төрагасы Серкан Каялардын жана куткаруучулар катышкан. Мындай техника буга чейин өлкөдө жок болгондуктан суучулдарга тиешелүү шарт түзүлбөй келгени белгиленди. Барокамера — 10 метрден 50 метрге чейин чумкуп чыккандан кийин суу астындагы абанын басымынан суучулдардын дем алуусун калыбына келтирүү үчүн колдонулат.
Бишкекте күйүүчү-майлоочу майлардын уруксатсыз стихиялуу соодасын жоюу боюнча рейддер жүргүзүлүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, рейд Профсоюз көчөсүнүнүн Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинкит тилкесинде жүргүзүлүп, анда күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз саткан 3 пункт аныкталды. Мыйзамсыз соода жүргүзгөндөргө 9 миң сом айып салынды. Рейддер уланууда.///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 88 сом 33 тыйынга 1 евро 95 сом 26 тыйынга 1 рубль 96 тыйынга Казак тенгеси 20 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 64 сом 50 тыйындан баштап, 65 сом 90 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 71 сом 90 тыйындан, дизель майы 73 сом 80 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫБейшемби күнү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +23...+28, Таласта +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31 градус ысыйт. Бишкек менен Ошто күндүн экинчи жарымында нөшөрлүү жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +24...+26, Ошто +28...+30 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0