https://sputnik.kg/20240515/krsuda-kytay-menen-kyrgyzstandyn-kyzmattashuusu-talkuulanat-1085113641.html
КРСУда Кытай менен Кыргызстандын билим берүү боюнча кызматташтыгы талкууланат
КРСУда Кытай менен Кыргызстандын билим берүү боюнча кызматташтыгы талкууланат
Sputnik Кыргызстан
Катышуучулар эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы өз ара кызматташуунун келечеги баш болгон бир нече маселени талкуулашат. 15.05.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-05-15T08:34+0600
2024-05-15T08:34+0600
2024-05-15T18:46+0600
кыргызстан
кытай
крсу
билим берүү
конференция
кызматташуу
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/18/1079823264_0:159:3077:1890_1920x0_80_0_0_8624b86de0da1ad4f4d06f4c831e50b2.jpg
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинде “Кытай көпүрөсү – 2024: Билим берүү жана илим тармагы” деп аталган илимий-тажрыйбалык конференция өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар билдиришти.Конференциянын расмий бөлүгүндө КРСУ ректору Денис Фомин-Нилов, Лимин профессионалдык университетинин проректору Линь Чжаоюн, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргыз-Кытай институтунун директору Апаева, Кусеин Карасаев атындагы БГУнун кытай филологиясы кафедрасынын башчысы Өмүралиева катышмакчы.Катышуучулар эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы өз ара кызматташуунун келечегин, кытай тил илиминин маанилүү маселелерин, маданияттар аралык байланыштын теориялык жана практикалык маселелерин талкуулашмакчы. Андан сырткары, кытай тилин окутуудагы көйгөйлөр жана жаңычылдыктар боюнча да кеп болот.Иш-чараны КРСУнун эл аралык мамилелер факультетинин дүйнөлүк тилдер кафедрасы уюштурган.
https://sputnik.kg/20240424/krsu-lmu-menen-kyzmatshat-imish-1084544246.html
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/18/1079823264_174:0:2905:2048_1920x0_80_0_0_b681ec59e5ef0b0cd03f8f4e4f1ae65e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кытай, крсу, билим берүү, конференция, кызматташуу
кыргызстан, кытай, крсу, билим берүү, конференция, кызматташуу
КРСУда Кытай менен Кыргызстандын билим берүү боюнча кызматташтыгы талкууланат
08:34 15.05.2024 (Жаңыртылды: 18:46 15.05.2024) Катышуучулар эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы өз ара кызматташуунун келечеги баш болгон бир нече маселени талкуулашат.
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинде “Кытай көпүрөсү – 2024: Билим берүү жана илим тармагы” деп аталган илимий-тажрыйбалык конференция өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар билдиришти.
Конференциянын расмий бөлүгүндө КРСУ ректору Денис Фомин-Нилов, Лимин профессионалдык университетинин проректору Линь Чжаоюн, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргыз-Кытай институтунун директору Апаева, Кусеин Карасаев атындагы БГУнун кытай филологиясы кафедрасынын башчысы Өмүралиева катышмакчы.
“Иш-чара Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы билим берүү жана кызматташуунун маанилүү аспектилерине арналат”, — дешти уюштуруучулар.
Катышуучулар эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы өз ара кызматташуунун келечегин, кытай тил илиминин маанилүү маселелерин, маданияттар аралык байланыштын теориялык жана практикалык маселелерин талкуулашмакчы. Андан сырткары, кытай тилин окутуудагы көйгөйлөр жана жаңычылдыктар боюнча да кеп болот.
Иш-чараны КРСУнун эл аралык мамилелер факультетинин дүйнөлүк тилдер кафедрасы уюштурган.