https://sputnik.kg/20240515/putch-tuuraluu-eskertuudon-kiyin-erdogan-shashylysh-zhiyyn-kyldy-1085124044.html
ЖМК: төңкөрүш тууралуу эскертүүдөн кийин Эрдоган түндө чукул жыйын өткөрдү
ЖМК: төңкөрүш тууралуу эскертүүдөн кийин Эрдоган түндө чукул жыйын өткөрдү
Sputnik Кыргызстан
Эрдогандын үзөңгүлөштөрүнүн бири Девлет Бахчели парламентте сүйлөп жатып, 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш кылуу аракети кайталанышы мүмкүндүгүн айтты. 15.05.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-05-15T11:53+0600
2024-05-15T11:53+0600
2024-05-15T18:35+0600
дүйнөдө
түркия
мамлекеттик төңкөрүш
режеп тайип эрдоган
кеңешме
эскертүү
https://sputnik.kg/img/07e8/05/0f/1085118219_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_27d2921103f2d4e2f3db2c873ddbf6c8.jpg
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Чалгын кызматы, Юстиция министрлигинин жетекчилери менен Түркиянын улутчулдар партиясынын лидери, үзөңгүлөшү Девлет Бахчелинин тартип коргоо органдарында мамлекеттик төңкөрүш даярдалып жатышы ыктымал деген эскертүүсүнөн кийин ыкчам отурум өткөрдү. Бул туурасында РИА Новости Türkiye басылмасына таянып кабарлады. Түркияда Анкаранын Коопсуздук башкармалыгындагы бир топ полиция кызматкерлеринин иштен бошотулушу көп сөздүн башы болду. Алар кылмыштуу топ деп эсептелген "Айхан Бора Каплан" менен байланышы бар деп күнөөлөнгөн, үйлөрүн тинтишкен.Эрдогандын үзөңгүлөштөрүнүн бири Девлет Бахчели парламентте сүйлөп жатып, 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети кайталанышы мүмкүндүгүн айткан. Кеп бийликке карата кутум туурасында жүрүп жаткандыктан, бир нече полиция кызматкерлерин иштен алып коюу менен чектелип калууга болбостугун белгилеген.Бүгүн Эрдоган парламенттеги башкаруучу партиянын кеңейтилген кеңешмесинде сүйлөй турганы айтылды. Бир катар ЖМКлардын тартип коргоо органдарындагы мамлекеттик төңкөрүш тууралуу жазгандарынан кийин Х социалдык тармагында Эрдоганды колдогон посттор арбыды. Алар негизинен #DevletimizinYanındayız ("Мамлекетибиздин жанындабыз") деген хештег менен кетип жатат.Түркия бийлиги муну уюштурууга FETÖ (Фетхүлленчилердин террордук уюму) деп ат коюшкан АКШда жашап жаткан дин аалымы Фетхуллах Гүленди күнөөлөп жатат. Ал 2016-жылдагы төңкөрүш жасоо аракетине катыштыгы бар деп айтылып, мунун артынан миңдеген кишилер күнөөлөнгөн. Түркиядагы ошол кездеги козголоңдон соң 80 миңден ашуун адам камалып, 150 миңге чукул мамлекеттик кызматкер жумуштан айдалган. Мунун ичинде күч түзүмдөрүндө иштегендер да арбын болгон. Гүлен бул кадамдарды сындап, төңкөрүш боюнча ага тагылган күнөөнү четке каккан.
https://sputnik.kg/20230616/orhan-inandy-21-zhyl-kamaldy-1076299175.html
түркия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/05/0f/1085118219_279:0:3010:2048_1920x0_80_0_0_da3e3000824be2a0069c04056f42cc43.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, түркия, мамлекеттик төңкөрүш, режеп тайип эрдоган, кеңешме, эскертүү
дүйнөдө, түркия, мамлекеттик төңкөрүш, режеп тайип эрдоган, кеңешме, эскертүү
ЖМК: төңкөрүш тууралуу эскертүүдөн кийин Эрдоган түндө чукул жыйын өткөрдү
11:53 15.05.2024 (Жаңыртылды: 18:35 15.05.2024) Эрдогандын үзөңгүлөштөрүнүн бири Девлет Бахчели парламентте сүйлөп жатып, 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш кылуу аракети кайталанышы мүмкүндүгүн айтты.
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Чалгын кызматы, Юстиция министрлигинин жетекчилери менен Түркиянын улутчулдар партиясынын лидери, үзөңгүлөшү Девлет Бахчелинин тартип коргоо органдарында мамлекеттик төңкөрүш даярдалып жатышы ыктымал деген эскертүүсүнөн кийин ыкчам отурум өткөрдү. Бул туурасында
РИА Новости Türkiye басылмасына таянып кабарлады.
Түркияда Анкаранын Коопсуздук башкармалыгындагы бир топ полиция кызматкерлеринин иштен бошотулушу көп сөздүн башы болду. Алар кылмыштуу топ деп эсептелген "Айхан Бора Каплан" менен байланышы бар деп күнөөлөнгөн, үйлөрүн тинтишкен.
Эрдогандын үзөңгүлөштөрүнүн бири Девлет Бахчели парламентте сүйлөп жатып, 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети кайталанышы мүмкүндүгүн айткан. Кеп бийликке карата кутум туурасында жүрүп жаткандыктан, бир нече полиция кызматкерлерин иштен алып коюу менен чектелип калууга болбостугун белгилеген.
"Президент Режеп Тайип Эрдоган Чалгын боюнча улуттук кызматтын жетекчиси Ибрагим Калын, юстиция министри Йылмаз Тунж менен Бахчелинин билдирүүсүнөн кийин түндө резиденциясында шашылыш кеңешме өткөрдү", — деп жазган басылма.
Бүгүн Эрдоган парламенттеги башкаруучу партиянын кеңейтилген кеңешмесинде сүйлөй турганы айтылды. Бир катар ЖМКлардын тартип коргоо органдарындагы мамлекеттик төңкөрүш тууралуу жазгандарынан кийин Х социалдык тармагында Эрдоганды колдогон посттор арбыды. Алар негизинен #DevletimizinYanındayız ("Мамлекетибиздин жанындабыз") деген хештег менен кетип жатат.
Түркия бийлиги муну уюштурууга FETÖ (Фетхүлленчилердин террордук уюму) деп ат коюшкан АКШда жашап жаткан дин аалымы Фетхуллах Гүленди күнөөлөп жатат. Ал 2016-жылдагы төңкөрүш жасоо аракетине катыштыгы бар деп айтылып, мунун артынан миңдеген кишилер күнөөлөнгөн. Түркиядагы ошол кездеги козголоңдон соң 80 миңден ашуун адам камалып, 150 миңге чукул мамлекеттик кызматкер жумуштан айдалган. Мунун ичинде күч түзүмдөрүндө иштегендер да арбын болгон. Гүлен бул кадамдарды сындап, төңкөрүш боюнча ага тагылган күнөөнү четке каккан.