00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Жаңы кыргыз кандай болушу шарт?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:09
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Пакистандын өлкөдөгү элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик маалымдады. Анда элчиге чет элдик жарандардын катышуусунда болгон окуя жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу, коомдук тартипти камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилген. Ошондой эле Имангазиев Хасан Али Зайгамдан пакистандык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө тастыкталбаган маалыматтарды таратпоону түшүндүрүүнү өтүнгөн. Мындан тышкары, министрдин орун басары Пакистан Ислам Республикасынын элчисине кырдаал Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын көзөмөлүндө экенин билдирген. Эске салсак, 17-май күнү кечинде Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына 200дөй адам топтолгон. 13-майда бул жерде чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугу маалымдалган. Топтолгон адамдарды милиция кызматкерлери курчап, өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50дөй кишини кармап, кийин кайра коё берген. Түн оогондо чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган. Алар менен Бишкек ШИИББдин жетекчиси сүйлөшүү жүргүзүп, топтолгондор таңга жуук тарашкан.
Жоокерлерди "сатуу" боюнча кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, иш боюнча эки аскер кызматкери айыпталууда. "Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы иликтөөсүн жыйынтыктады. Айыптоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Адам сатуу" беренесинен "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесине өзгөртүлдү. Учурда ишти Аламүдүн райондук соту кароодо", — дешти Башкы прокуратурадан. Sputnik Кыргызстан агенттигине ишенимдүү адамдар аркылуу белгилүү болгондой, ишке айыпталып жаткан эки адам тең чет өлкөгө чыкпоо тил катын жазышкан. Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айында Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн командири менен чогуу дагы эки киши жоокерлерди "сатууга" шектелип кармалган. Командир томат чыгарган заводго 12 жоокерди мыйзамсыз ишке орноштурганы айтылган болчу. Алдын ала маалыматтар боюнча, жоокерлердин иштеген акысын командир өзү алып турган. Аскердик прокуратура текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Адам сатуу") боюнча иш козголгон эле.
Министрлер кабинети социалдык тармактарда чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу менен улуттар аралык кагылышууну жана башаламандыктарды тутантуу аракеттерин кескин айыптай турганын айтып, билдирүү таратты. Анда эл аралык басма сөздө чет элдик студенттерге карата зомбулук жана адам өлтүрүү фактылары тууралуу жалган маалыматтар төгүндөлгөн. "Укук коргоо органдары бузуулардын бардык жагдайларын тыкыр иликтөөдө. Күнөөлүүлөр аныкталып, мыйзам чегинде жоопко тартылат. Акыркы айларда бийлик мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча чечкиндүү чараларды көрүп жатат. Чет элдик студенттерге карата сабырсыздыкты тутандырууга багытталган ар кандай шылтоолорго жол берилбейт, элибиз достуктун жана меймандостуктун деминде жашай берет", — деп айтылат билдирүүдө.
Россия жакын арада Украинаны толугу менен демилитаризациялоо боюнча максатына жете алат. Мындай пикирин АКШнын деңиз аскерлери бөлүмүнүн отставкадагы офицери жана аскердик аналитик Скотт Риттер РИА Новости агенттигине билдирген. Буга чейин Британиянын Times гезити Украинанын атайын операция жүрүп жаткан аймагына андагы абалды өзгөртүү үчүн Батыштын жардамы өз убагында келер-келбеси тууралуу кептин айланасында талдоо жүргүзүп, алдыдагы бир нече апта Украина үчүн чечүүчү мезгил болорун жазган. "Мен Батыштын кандайдыр бир мөөнөттөрдү айтып жаткан боолголоосуна кошула албайм. Ал эми жыйынтыктуу иштеп жаткан Россиянын пикирин туура көрөм, Россия ийгиликке жетерине да ишенем. Жакын арада россиялык аскерлер Украинанын Куралдуу күчтөрүн толугу менен жок кылуу максатына жетет", — деген Риттер.
Жаңылыктар түрмөгү
0