00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Жаңы кыргыз кандай болушу шарт?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:09
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Садыр Жапаров Кытайдын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжунду кабыл алганын президенттин маалымат кызматы кабарлады. Анда тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, инвестициялык тармактарда кызматташууну талкуулашкан."Жапаров Кыргызстандын Кытай менен мамилеси активдүү динамика менен мүнөздөлөрүн, аталган өлкө Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи. Президент Кыргызстан Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин "Бир алкак – бир жол" демилгесин биринчилерден болуп колдогонун, ал биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн негизги булак жана импульс катары каралып жатканын эске салды", — деп айтылат маалыматта. Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык алаканы жаңы деңгээлге көтөрө турган ири транспорттук долбоор болушу керектигин жана куруу иштери жакын арада башталарына ишенимин билдирген.
Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф түндө Бишкекте болгон окуя боюнча үн катты. Ал билдирүүсүн социалдык тармактагы баракчасына жазган. "Бишкектеги пакистандык студенттердин абалына терең тынчсыздануудамын. Пакистандын элчисине бардык зарыл жардамды көрсөтүүнү тапшырдым. Менин кеңсем элчилик менен байланышта болуп, кырдаалга көз салып жатат", — деп жазды Шахбаз Шариф. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Пакистандын өлкөдөгү элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушкан. Имангазиев Зайгамдан пакистандык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө тастыкталбаган маалыматтарды таратпоону түшүндүрүүнү өтүнүп, кырдаал Кыргызстандын компетенттүү органдарынын көзөмөлүндө экенин билдирген.
*Октябрь айынын орто ченинен тартып Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алууга баштапкы сумманы топтой албай жаткандарга жаңы мүмкүнчүлүк ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Айтымында, азыркы эреже боюнча, мамлекеттик кызматта иштебеген кардар МИКтен ала турган үйдүн баасынын жарым суммасын дароо төлөшү керек. Бирок баарында эле мындай мүмкүнчүлүк жок. Маселени чечүү үчүн РСК банкы менен Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) өнөктөштүктө иш жүргүзөт. Эки аптанын ичинде РСК банкынын аталышы "Элдик банк" деп өзгөртүлөт.Анда үй алгандар алгачкы беш жылда "Элдик банктан" алган каражаттан кутулары, андан кийин МИКтин калган 50 пайыз акчасын төлөй тургандыгы белгиленген. Бул мехнизм октябрдын ортосунан тартып иштей баштайт.Жапаров ошондой эле батирге деп акча топтоп жаткандарды азыртадан РСК банкынан эсеп ачууга чакырды.
Батыш өлкөлөрү Киевди сүйлөшүү принцибин кабыл алууга көндүрүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу Europe1 радиостанциясы маалымат булагына таянып кабарлаганын РИА Новости жазды. Радиостанция белгилегендей, Киев сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолун тандоого аргасыз. Анткени окуя жагымсыз сценарийде өнүгүп отуруп, Россиянын күчтөрү тарабынан башка фронт ачылып кетиши мүмкүн."Батыш өкмөттөрү Владимир Зеленскийди сүйлөшүүлөр принцибине макул болууга көндүрүү үчүн дипломатиялык аракеттерди даярдап жатышат", — деп айтылат Europe1 билдирүүсүндө.
Жаңылыктар түрмөгү
0