00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Креативдүү индустрия паркынын резиденттери салыкты төмөнкү ставка менен төлөйт жана аларга бир катар жеңилдиктер каралган. Бул тууралуу парктын директору Канышай Мамытова журналисттерге билдирген. Анын айтымында, бирдиктүү салык режиминин негизинде кирешенин 4 пайызы төлөнөт. Креативдүү индустрия паркынын резиденттер үчүн ставкасы 2024-жылы — кирешенин 0,5 пайызы; 2025-2026-жылдары — түшкөн акчанын 1 пайызы; 2027-жылдан тарта — 2 пайызды тузот.Эске салсак, өткөн жумада Креативдүү индустрия паркынын резиденти болууну каалагандардан арыздарды кабыл алуу башталган. Биринчи этапта 10 юридикалык жак же жеке ишкерди тандоо пландаштырылууда. Бир катар арыздар келип түшкөн. Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Анын максаты — креативдүү иш менен алектенген бизнесмендердин иши үчүн укуктук негиздерди түзүү.
Бүгүн Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун ТИМ башчыларынын жолугушуусу өтүп жатат. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Индия, Иран, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Беларустун министрлери чакырылган.Ирандын атынан министрдин авиакырсыктан каза тапкандыгына байланыштуу экономикалык дипломатия боюнча ведомство жетекчисинин орун басары Махди катышууда.Министрлер отурумдун алкагында чогуу сүрөткө түшүштү. Иш-чаранын соңунда жыйынтык документтерге кол коюу жана ШКУнун башкы катчысы Чжан Миндин ЖМКларга маалымат берүүсү пландалган.Министрлерди Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алды. Ал Астанада 3-4-июлда ШКУга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин саммити өтөрүн жана анда 20га чукул маселе таркууланарын айткан.
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин балдар жана өспүрүмдөрдүн гигиенасы бөлүмүнүн адиси Мария Кушубакова өлкөдөгү оюнчуктардын сапаты кандай көзөмөлдөнөрүн айтты. Көпчүлүк ата-эне балдарына оюнчук алып берип, тилин тапканына ыраазы болуп, анын сапатына анчейин маани бербейт. Оюнчуктун сапатын жытынан, пластмассанын өңүнөн эле байкаса болот.Анын айтымында, Кыргызстанда бир да оюнчук өндүрүүчү болбогондуктан дээрлик баары чет өлкөдөн келет.Ал мыйзамга байланыштуу жеке ишкерлерди толук көзөмөлгө алуу кыйын болуп жатканын кошумчалады.
"Геоэнергетика инфо" онлайн-журналынын башкы редактору Борис Марцинкевич "Газпром" Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга ташылган газдын көлөмүн көбөйтөрүн айтты.Марцинкевич Казакстан менен Өзбекстандын Кытайга газ жеткирүү боюнча милдеттемелери бар экенин эске салды. Көгүлтүр отунга болгон суроо-талап өсүп жаткандыктан Россия, Казакстан жана Өзбекстан бул жаатта кызматташа баштаганын белгилеген. Эксперт Россиядан Өзбекстанга газ жеткирүү былтыр октябрда башталганын эске салды. Жылына 2,7 миллиард куб метр газ жеткирүү келишими эки жылга эсептелген. Мындан тышкары, 2030-жылга чейин импорттун көлөмүн 11 миллиард куб метрге чейин көбөйтүү үчүн өзбек жетекчилиги газ ташуу жана бөлүштүрүү системасына инвестиция салууну чечкен. Ал эми Казакстандын бир нече багытта иш алып баруу мүмкүндүгү бар. Эске салсак, былтыр Кыргызстанга 438,7 миллион метр куб газ импорттолсо, анын 389,3 миллиону Россиядан келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0