https://sputnik.kg/20240522/zhrtnyn-zhurushu-buturuuchulor-1085351775.html
Абдыжапарова: 23-июнда ЖРТнын үчүнчү этабы жыйынтыкталат
Абдыжапарова: 23-июнда ЖРТнын үчүнчү этабы жыйынтыкталат
Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин директорунун орун басары Жыргал Абдыжапарова ЖРТнын жүрүшү тууралуу айтып берди. 22.05.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-05-22T11:48+0600
2024-05-22T11:48+0600
2024-05-22T11:48+0600
радио
кыргызстан
билим берүү
жрт
https://sputnik.kg/img/07e8/05/16/1085351289_0:171:3067:1896_1920x0_80_0_0_8ad8de5cd3904f50fe467f8ceb7ae54b.jpg
Абдыжапарова: 23-июнда ЖРТнын үчүнчү этабы жыйынтыкталат
Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин директорунун орун басары Жыргал Абдыжапарова ЖРТнын жүрүшү тууралуу айтып берди.
2023-2024-окуу жылында 11-классты 8 787 бала бүтүрүп жатат. Негизинен ЖРТга катышуу үчүн 8 287 бала каттоодон өткөн. Бул тууралуу Жыргал Абдыжапарова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, быйыл "Алтын тамга" тестине эң жакшы окугандардын 285и катышып, 41 окуучу мыкты жыйынтык көрсөткөн.Ал Жалпы республикалык тестирлөө окуучуга өз билимин текшерип, дараметин аныктоодо жардам берерин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/05/16/1085351289_278:103:2870:2047_1920x0_80_0_0_51dec28ca5bee6986107cf3dc2e8b80c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, билим берүү, жрт, аудио
кыргызстан, билим берүү, жрт, аудио
Абдыжапарова: 23-июнда ЖРТнын үчүнчү этабы жыйынтыкталат
Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин директорунун орун басары Жыргал Абдыжапарова ЖРТнын жүрүшү тууралуу айтып берди.
2023-2024-окуу жылында 11-классты 8 787 бала бүтүрүп жатат. Негизинен ЖРТга катышуу үчүн 8 287 бала каттоодон өткөн. Бул тууралуу Жыргал Абдыжапарова
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл "Алтын тамга" тестине эң жакшы окугандардын 285и катышып, 41 окуучу мыкты жыйынтык көрсөткөн.
"2023-2024-окуу жылында 11-классты 8 787 бала бүтүрүп жатат. Бүтүрүүчүлөр коомдо адис катары ордун табыш үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө катышууда. Мындан тышкары, "Алтын тамга" тестине да эң жакшы окуган окуучулардын 285и катышып, 41 окуучу мыкты жыйынтык көрсөткөн. Негизинен ЖРТга катышуу үчүн 8 287 бала каттоодон өткөн. Тестирлөө үч этапта жүрөт. Ал 17-майдан башталып, 23-июнга чейин созулат. Мурда тестке кандайдыр бир себептер менен катышпай калгандар үчүнчү этапта тапшырат. Учурда биздин 26 муниципалдык мектепте тест борборлору уюштурулуп өтүп жатат. 21-июнда экинчи этабы башталат. Ал эми үчүнчү этабы 20-июндан 23-июнга чейин болот. Быйыл борбордун бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен 500ү ЖРТга катышпай калды. Анын ар кандай себептери бар. Айрым балдар чет мамлекеттеги жогорку окуу жайына же Кыргызстандагы ЖРТ талап кылынбаган окуу жайларга тапшырууда", — деди Абдыжапарова.
Ал Жалпы республикалык тестирлөө окуучуга өз билимин текшерип, дараметин аныктоодо жардам берерин кошумчалады.