00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бир катар саламаттык сактоо уюмдарына материалдык-техникалык базасын жакшыртууга акча бөлүндү. Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, кошумча каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт: Талас медициналык колледжинин жылуулук системасын оңдоого 5 миллион сом; Шаардык балдар клиникалык тез жардам медициналык ооруканасына 70 миллион сом; Улуттук хирургия борборуна 33 миллион сом бөлүнөт.
Ысык-Көлдө Бостери баатырдын 400 жылдыгы белгиленүүдө. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.Маалыматка ылайык, мааракелик иш-чаралар 1-июнга чейин Бостери айылында өтөт."Иш-чаранын алкагында Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда футбол, волейбол, эркин күрөш, шахмат, көк бөрү, ат чабыш, кыргыз күрөш жана эр эңиш боюнча мелдештер өткөрүлөт. Мындан сырткары, тарыхый лекциялар окулуп, экология жана туризм боюнча конференциялар, тарыхчылардын катышуусунда "Санжыра" деп аталган генеалогиялык жыйын өткөрүлөт жана Бостери баатыр тууралуу даректүү тасма көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта. Коноктор үчүн 70 боз үй тигилип, маданий, концерттик программалар уюштурулары, катышуучулар арасында беш автоунаа жана башка акчалай байгелер ойнотулары айтылды. Мааракени уюштуруу алдында Бостеринин урпактары ишембилик уюштуруп, беш тоннадан ашык таштанды жыйналган. Мындай ишембиликтер 1-октябрга чейин уланары кошумчаланды.
Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен республикалык бюджет Кыргызстанда гана профицит менен аткарылды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.Өлкөлөр боюнча маалыматтар: Армения: биринчи кварталда бюджеттин кирешелери — 525 миллиард, чыгашалар — 525,9 миллиард, тартыштык 0,9 миллиард драмды түздү;Казакстан: кирешеси — 4 триллион 300,1 миллиард, чыгашасы 5 триллион 331,8 миллиард теңгеге бааланган. Ошентип дефицит триллион теңгеден ашты;Кыргызстан: кирешелер — 80,1 миллиард, чыгашалар – 74,3 миллиард, профицит 5,8 миллиард сомду түздү; Россия: биринчи кварталда кирешеси — 8 триллион 721,6 миллиард, чыгашасы 9 триллион 17 миллиард рубль болуп, тартыштык 295,3 миллиард рублди түздү.
Россия Киевдин жасаган кылмыштары тууралуу 10дон ашык өлкөдө фотокөргөзмөлөрдү өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу РИА Новостиге РФ ТИМинин Киев режиминин кылмыштары боюнча өзгөчө тапшырмаларды караган элчиси Родион Мирошник Египеттеги иш сапары учурунда билдирген. Басылма Россиянын Каирдеги илим жана маданият борборунда "Киев режиминин кылмыштары жөнүндө чындык" аттуу фотокөргөзмө уюштурулганын жазды.Ал иш-чарада Киев тарабынан жасалган кылмыштардын сүрөт, далилдери көрсөтүлөрүн белгилеген. "Кылмыштар аймактарды аткылоого, соттун чечими жок өлүм жазасына тартууга жана эл аралык коргоого алынган объектилерге кол салууга тиешелүү. Бул далилдерди башка мамлекеттердин өкүлдөрүнө берүүгө даярбыз, алар бизди угат деп үмүттөнөбүз", — деген элчи.
Жаңылыктар түрмөгү
0