00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Без патентов: какие изменения ждут предпринимателей в торговле?
18:10
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:08
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:06
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттары 10-июнда убактылуу жабылат. Кыргызстандын УКМКсына караштуу Чек ара кызматы түшүндүргөндөй, чек аранын жабылышы Кытайдагы майрамга байланыштуу. Көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 11-июнда улантылат.
Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Ислам өнүктүрүү банкы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча билдирүүгө кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты. 6-июнда Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жасер менен жолугуп, CASA-1000 долбоору жана Тамга Каракол 220 кВ аба электр линиясын куруу долбоору, Бишкек шаарын электр менен камсыздоону жакшыртуу долбоору жана Аркин массивинин электр менен камсыздоону жакшыртуу долбоору тууралуу сүйлөштү. Бүгүнкү күндө Энергетика министрлиги Ислам өнүктүрүү банкы жалпы суммасы 150 млн долларды түзгөн эки долбоорду ишке ашырып, дагы эки долбоорду аяктап жатканы кабарланды. Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Кыргызстанда электр энергиясын өнүдүрүүгө болгон потенциал көп экенин белгилеп, сууну туура пайдаланууга чакырды.
Ысык-Көлдө экологиялык талаптарга жооп бербеген пансионаттардын ишмердүүлүгү токтотулганын президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Мониторингдин жүрүшүндө көлдүн экосистемасына түздөн-түз коркунуч келтирген олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган. Анын ичинде «Золотые пески», «Дальний Кардон», «Смена», «Белек», «Взморье сити», «Асыл-Таш», «Ой-керемет», «Золотой-Требас» эс алуу жайлары, «Улан» балдардын ден соолукту чыңдоо борбору, «Кооператор», «Чолпон-Ата» эс алуу үйү, «А.Чалжанов» конок үйү бар. Маалыматка караганда, бул пансионаттар тарабынан экологиялык нормаларды бузган жагдайлар оңдолсо Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы туристтик сезонго даярдыгын көрсөткөн паспорт берет.
2024-жылдагы Курман айт майрамы 16-июнда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты. 7-июнь жума күнү Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 15-июнь ишемби күнү арапа, 16-июнь жекшемби күнү Курман айт майрамы белгиленет. Былтыр Курман айт 28-июнда майрамдалган.
Бир канча мамлекеттен кызматташуунун ар кыл формаларын сунуштаган отуздай кайрылуу азыркы учурда БРИКСте каралып жатат. Бул туурасында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтканын РИА Новости жазды. "БРИКСте азыр ар кандай кызматташуу формаларын сунуштаган чоң, кичине жана орто мамлекеттерден болжол менен 30дай кайрылуу каралууда", — деген Лавров Биринчи каналдын эфиринде. ТИМ башчысынын айтымында, БРИКСте өнөктөш өлкөлөрдүн категориялары да талкууланууда.
8-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. ишембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы чүй, Ош. Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Талас аймагында +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +21...+26 градус жылуу болот. Борбор калаа Бишкекте күндүн табы +33...+35, Ошто +32...+34, Чолпон-Ата шаарында +22...+24 градус жылуу болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0