00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Жылдыз Полотованы мурдагы ишинен бошотуп, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кылып дайындады. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыктарга өлкө башчы кол койгон. Эске салсак, анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш бүгүн колдоп берди. Буга чейинки министр Гүлнара Баатырова 7-июнда кызматынан бошотулган. Министрдин милдетин орун басары 49 жаштагы Жылдыз Полотова аткарып келген.
Боор алмаштыруу операциясына көмөктөшкөн түрк дарыгерлери сыйланды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандык бейтаптарга боор трансплантациясын жасоо үчүн келген Түркиянын Инөнү универстетинен 5 дарыгери сыйланды. Аларга министр Алымкадыр Бейшеналиев "Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери" төш белгисин тапшырды. Ошондой эле бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстанда алгачкы ирет ишке ашырылган боор алмаштыруу операциясын жасаган жергиликтүү жана түркиялык дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, Инөнү университетинин Тургут Өзал атындагы медициналык борборунун Боорду трансплантациялоо институтунун башкы директору Сезай Йылмазга, башкы дарыгери Адил Башкыранга жана “Кыргыз Эл Биримдик” коомунун аткаруучу төрагасы Аманбай Өмүрзаковго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.
Бишкек - Балыкчы каттамындагы поездге дагы бир VIP вагон кошулду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы кабарлады. Маалыматка ылайык, жаңы вагон саякатты ыңгайлуу жана жагымдуу кыла турган бир катар дизайнердик инновациялар жана жакшыртуулар менен толукталды. ВИП вагондо тамак-аш жана суусундуктар сактала турган муздаткыч функциясы менен заманбап бар-стол орнотулган. Жүктөрдү отургучтардын астындагы орундукка сактаса болот. Панорамалык терезелер жана кубаттуу кондиционерлер коюлду. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн вагон видеобайкоо тутуму, ал эми жагымдуу саякат үчүн стереотутум жана телевизорлор менен жабдылды. 600 кВт кубаттуулукка эсептелген 40 вагонго чейин электр энергиясы менен камсыздай алат. Вагондо ар бири 300 кВт болгон эки даана генератор орнотулган. Эгер бири иштебей калса, экинчи генератор автоматтык түрдө электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылат. VIP-вагондо 5 жашка чейинкилер акысыз жүрсө, 5 жаштан 10 жашка чейинкилерге 400 сом. 10 жаштан жогорку курактагы жүргүнчүлөргө 800 сом.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу тышкы ведомстводон билдиришти. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кулубаев Россиянын ТИМ башчысын мамлекеттик майрам — Россия күнү менен куттуктады. Ошондой эле алар кыргыз-орус алакаларын өнүктүрүү жана эл аралык уюмдарда кызматташуусун талкуулашты. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер мындан ары да прогрессивдүү өнүгүп, чыңдаларына ишеним артышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0