Суу шалаакылыкты кечирбейт. ӨКМдин эскертүүсү
![Сууга түшүп жаткан балдар. Архив Сууга түшүп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2024](https://sputnik.kg/img/07e7/08/09/1077705670_0:200:2891:1826_1920x0_80_0_0_6b119a932d60bdda22d618629bc0ae54.jpg)
© Sputnik / Владимир Федоренко
/ Жазылуу
Министрлик суу жээгине эс алууга барганда балдарды кароосуз калтырбоо керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жайкысын сууга түшүүдө сак болууну эскертти.
Эс алуунун мындай түрүн тандагандар төмөнкү эрежелерди сакташы керек:
массалык эс алууга ылайыкталбаган жайлардагы сууларга түшүүгө болбойт. Мисалы, көлмөлөр, жасалма көлмөлөр, каналдар жана дарыялардын каалаган бөлүгүнө түшүү өтө коркунучтуу;
сууга мас абалда түшүүгө болбойт;
"Сууга чумкуганга, түшүүгө, секиргенге тыюу салынат " деген жазуулары бар жерлерге барууга болбойт;
бассейн, дарыя, канал, көлмөлөрдүн жанында балдарды кароосуз калтыруу өтө кооптуу;
саздак, баткак жана балырлуу жерлерде сууга түшүүгө тыюу салынат;
скутерлерге, моторлуу кайыктарга, сууда көңүл ачуучу жабдыктарга чейин сүзүп барууга тыюу салынат.