https://sputnik.kg/20240624/lavrov-sevatopol-terakt-aksh-1086380465.html
Лавров: АКШнын Севастополдогу терактыга тиешеси бар экени күмөн жаратпайт
Лавров: АКШнын Севастополдогу терактыга тиешеси бар экени күмөн жаратпайт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. АКШ менен Украинанын Севастополдогу терактыга тиешеси бар экени күмөн жаратпайт. Бул тууралуу Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров... 24.06.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-06-24T22:10+0600
2024-06-24T22:10+0600
2024-06-25T15:15+0600
дүйнөдө
россия
теракт
акш
севастополь
дагестан
өлүм
сергей лавров
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e8/06/18/1086380917_0:177:3015:1873_1920x0_80_0_0_314bda1204bc6a3f4b6a161a8b43175e.jpg
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. АКШ менен Украинанын Севастополдогу терактыга тиешеси бар экени күмөн жаратпайт. Бул тууралуу Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров беларустук кесиптеши Сергей Алейник менен сүйлөшүүсүндө айтканын РИА Новости жазды.Министр АКШнын Украинага берип жаткан куралы "америкалык аскерлер түзмө-түз катышмайын колдонулбастыгын" белгиледи.Лавров Минск шаарына расмий сапар менен барган. Министрдин Беларусь президенти Александр Лукашенко, ошондой эле ТИМ башчысы Сергей Алейник менен жолугушуусу күтүлүүдө.Эске салсак, Киевдин террордук чабуулу жекшемби күнү саат 12:15те (15:30 БШК) болгон. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Украинанын Куралдуу күчтөрү чачырап жарылчу беш ATACMS ракетасы менен Севастополго чабуул жасаганга аракет кылган. Россиялык тиешелүү күчтөр алардын төртөөнү атып түшүрүп, бирок бирөө абадан коргонуучу системанын ишинен улам кыйгап барып, шаардын үстүнөн жарылган. Соңку маалыматтар боюнча, терактынын кесепетинен төрт киши көз жумган, алардын экөө балдар экени айтылган.
https://sputnik.kg/20240624/pentagon-atacms-sevastopol-kol-saluu-bash-tartuu-1086349058.html
акш
севастополь
дагестан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/18/1086380917_143:0:2874:2048_1920x0_80_0_0_95e54ada0d81a42dad8a8ae57a627587.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, теракт, акш, севастополь, дагестан, өлүм, сергей лавров
дүйнөдө, россия, теракт, акш, севастополь, дагестан, өлүм, сергей лавров
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. АКШ менен Украинанын Севастополдогу терактыга тиешеси бар экени күмөн жаратпайт. Бул тууралуу Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров беларустук кесиптеши Сергей Алейник менен сүйлөшүүсүндө айтканын
РИА Новости жазды.
"Кечээ Севастополдо болгон терактыга байланыштуу көңүл айтканыңыз үчүн ыраазылык билдирем. Буга удаа Дагестанда дагы бир террордук чабуул болду. Жабыркагандар бар. Тиешелүү органдар муну ким жасаганын аныкташ үчүн колдон келген күчүн жумшап жатат. АКШ жана алардын украиналык кол алдындагылардын катыштыгы бар экенинен күмөн санабайбыз", — деди Лавров.
Министр АКШнын Украинага берип жаткан куралы "америкалык аскерлер түзмө-түз катышмайын колдонулбастыгын" белгиледи.
Лавров Минск шаарына расмий сапар менен барган. Министрдин Беларусь президенти Александр Лукашенко, ошондой эле ТИМ башчысы Сергей Алейник менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Эске салсак, Киевдин террордук чабуулу жекшемби күнү саат 12:15те (15:30 БШК) болгон. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Украинанын Куралдуу күчтөрү чачырап жарылчу беш ATACMS ракетасы менен Севастополго чабуул жасаганга аракет кылган. Россиялык тиешелүү күчтөр алардын төртөөнү атып түшүрүп, бирок бирөө абадан коргонуучу системанын ишинен улам кыйгап барып, шаардын үстүнөн жарылган. Соңку маалыматтар боюнча, терактынын кесепетинен төрт киши көз жумган, алардын экөө балдар экени айтылган.