00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:28
1 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
3 мин
Будь в курсе
Третья школа ГИТИСа на Иссык-Куле: обучение «актерству» и укрепление театрального сотрудничества
20:04
39 мин
Ачык кеп
Суучулдар суунун муздагынан невритке кабылып же өлүктөн чочуп калат
23:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Бишкектин четинде 6,5 млн. долларлык кабель чыгаруучу завод ачылдыВенгриянын премьери Виктор Орбан Москвага бардыАймактарда кайрадан сел жүрөт! ӨКМ эскертүү берди алдыда кененирээкТоолуу жана тоо этектериндеги райондордо 8-12-июль аралыгында сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМ кабарлады. "8-июлдан 12-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт", — деп айтылат маалыматта. ӨКМ сел каптап кетпеш үчүн арыктарды таза кармоону эскертти.
Быйыл жамгырлуу болуп, селден көп айдоо аянттары зыянга учурады. Бирок бул тилсиз жоо улуттук азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жарата албайт. Мындай билдирүүнү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Мухтар Чыналиев жасады. "Жакында эле Ош облусунун Ноокат районунда 7,5 гектар айдоо жерди сел каптады. Жалпы жонунан быйыл селдин кесепетинен өлкөдө жалпы 215 гектар жер зыянга учурады. Республикадагы айдоо аянтынын көлөмү 1 миллион 232 миң гектар. Зыян тарткан 215 гектар жер улуттук азык-түлүк коопсуздугуна чоң таасир бербейт, болжолдонгон түшүмдү алабыз. Албетте, сел каптаган дыйкандар ири чыгым тартты, бирок жалпы өлкөдөгү азык-түлүк кырдаалына катуу таасир эте албайт. Өткөн жылдарга салыштырсак, буга чейин кургакчылык болуп келген, быйыл жаан-чачын көп болду. Бул өңүттөн алып караганда быйыл жыл жакшы, жамгыр көп болгону дыйкандарга пайдалуу", — деди Чыналиев.
Чүй облусунун Аламүдүн районунда жаңы завод ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.Электр зымдарын (кабель) чыгара турган ишкананын ачылышына өкмөт башчы Акылбек Жапаров катышты. Ал кабелдик продукциянын импортуна болгон көз карандылыкты азайтууда долбоордун мааниси чоң экенин белгиледи. Ошондой эле соңку жылдары кабелге болгон суроо-талап өсүп жатканын айтып, заводдун продукциясы импорттук аналогдорго салыштырмалуу арзан экенин кошумчалады. Долбоорго "Айыл банк" тарабынан 4,7 миллион доллар бөлүнгөн. Ал эми инвестициянын көлөмү 6,5 миллионду түзөт. Завод жылына 60 тонна алюминий, 30 тонна жез жана 100 тонна пластикти кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берген заманбап жабдуулар менен жабдылган. Учурда ишканада 70ке жакын жергиликтүү тургун иштейт. Келечекте алардын саны дагы көбөйөрү күтүлүүдө.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Россияга барды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Маалыматка ылайык, Орбан Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзөт. Талкуулана турган маселелердин арасында Украинадагы кризис дагы бар экенин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков тастыктаган. Эске салсак, Орбан бул жумада Киевде болуп, Владимир Зеленский менен жолугушуусунда согуш отун токтотууну өтүнгөн. Украина бул сунушту четке каккан.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 86 сом 61 тыйынга 1 евро 92 сом 58 тыйынга 1 рубль 99 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 65 сом 40 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 90 тыйындан тарта, 74 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 73 сом 80 тыйындан, 74 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 6-июлга караган түнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 6-июль, ишембиде күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Баткен өрөөндөрүндө +24...+29, Талас аймагында +23...+28, Ош жана Жалал-Абад облустарында +30...+35, Ысык-Кө жергесинде +19...+24, Нарында +21...+26 градус жылуу болот. Борбор калаада күндүн табы +27...+29, Ош шаарында +32...+34, Чолпон-Атада +22...+24 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0