https://sputnik.kg/20240712/uluttuk-bank-som-ekonomika-1086929067.html
Май айында Кыргызстандан сыртка 32,4 млн. доллар которулду
Май айында Кыргызстандан сыртка 32,4 млн. доллар которулду
Sputnik Кыргызстан
Мурдагыдай эле Кыргызстандан сыртка чыккан акчага караганда келип түшкөн каражат көп. 12.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-12T09:20+0600
2024-07-12T09:20+0600
2024-07-12T09:20+0600
улуттук банк
акча которуулар
сом
экономика
https://sputnik.kg/img/07e7/08/04/1077575117_0:354:2925:1999_1920x0_80_0_0_c824e74c78fbcf0c420ab60fc48ad8fa.jpg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. 2024-жылдын май айында чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 253,3 миллион доллар которулганын Улуттук банктан кабарлашты.Каражаттын негизи бөлүгү — 236,8 миллион доллар КМШ өлкөлөрүнөн келген. Анын ичинде Россиядан 236,3 миллион доллар которулса, коңшу Казакстандан 200 миң доллар кирген.Өлкөгө келген акчанын калган бөлүгү (16,6 миллион доллар) алыскы чет өлкөлөрдөн которулган. Алардын арасынан АКШдан 6,3 миллион доллар, Түркиядан 1,5 миллион доллар түшкөн.Башкы банк май айында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 32,4 миллион доллар чыкканын билдирди. Анын 26,7 миллиону КМШ өлкөлөрүнө, 5,7 миллион доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн. Өлкөлөр боюнча алганда, Россияга 25,8 миллион доллар которулса, Түркияга 5,4 миллион жиберилген.Белгилей кетсек, мурдагыдай эле Кыргызстандан сыртка чыккан акчага караганда келип түшкөн каражат көп. 2024-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга дээрлик 690 миллион доллар которулган, ал эми 138,3 миллион доллар сыртка чыккан.
https://sputnik.kg/20240710/akylbek-zhaparov-rossiya-bank-filial-1086894399.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/08/04/1077575117_98:0:2829:2048_1920x0_80_0_0_4a084241573cfcd05e0d5c07a2fef4a1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
улуттук банк, акча которуулар, сом, экономика
улуттук банк, акча которуулар, сом, экономика
Май айында Кыргызстандан сыртка 32,4 млн. доллар которулду
Мурдагыдай эле Кыргызстандан сыртка чыккан акчага караганда келип түшкөн каражат көп.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. 2024-жылдын май айында чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 253,3 миллион доллар которулганын Улуттук банктан кабарлашты.
Каражаттын негизи бөлүгү — 236,8 миллион доллар КМШ өлкөлөрүнөн келген. Анын ичинде Россиядан 236,3 миллион доллар которулса, коңшу Казакстандан 200 миң доллар кирген.
Өлкөгө келген акчанын калган бөлүгү (16,6 миллион доллар) алыскы чет өлкөлөрдөн которулган. Алардын арасынан АКШдан 6,3 миллион доллар, Түркиядан 1,5 миллион доллар түшкөн.
Башкы банк май айында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 32,4 миллион доллар чыкканын билдирди. Анын 26,7 миллиону КМШ өлкөлөрүнө, 5,7 миллион доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн. Өлкөлөр боюнча алганда, Россияга 25,8 миллион доллар которулса, Түркияга 5,4 миллион жиберилген.
Белгилей кетсек, мурдагыдай эле Кыргызстандан сыртка чыккан акчага караганда келип түшкөн каражат көп. 2024-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга дээрлик 690 миллион доллар которулган, ал эми 138,3 миллион доллар сыртка чыккан.