00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Нөшөрлөп жааган жамгырдан Ноокат районундагы жолду сел каптап кеткенин ӨКМден кабарлашты.Билдирмеге караганда, сел бүгүн саат 14:00 чамасында Ош — Баткен — Раззаков жолунун 57-чакырымында жүргөн. Жеринде атайын техника, куткаруучулар иштеп жатышат. Азыркы тапта жолду бир тарабы ачык экени айтылды.
Кечээ Бишкек — ​​Нарын — Торугарт унаа жолунун 281-чакырымындагы Долон ашуусундагы Сары-Булак тилкесинде болгон унаа кырсыктан жабыркагандар тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат берди. Ага ылайык, жол кырсыктан кийин 10 адам Нарын облустук ооруканасына медициналык жардам үчүн кайрылган. Алтоо ооруканага, анын ичинен абалы оор экөө реанимацияга жаткырылган. Төртөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Ошондой эле Кочкор райондук ооруканасына 4 адам жаткырылган. Анын экөө жандандыруу бөлүмүндө. Каза болгон 3 адамдын сөөгү моргго жеткирилген.Оор абалдагы бейтаптарды көрүү үчүн санитардык авиация аркылуу нейротравматолог чакырылган. Адистер менен консультациялар уюштурулуп, рентген, УЗИ текшерүүлөр жүргүзүлгөнү кошумчаланды. Эске салсак, кечээ Нарын облусунда микроавтобус жолдон чыгып кетип, үч киши каза болгон.
Президент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы Байсары уулу Кыдыр аке атындагы №2028 аскер бөлүгүн барып көрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.1965-жылы түзүлгөн аскер бөлүктүн имараттары 30 жылдан бери оңдолбогондуктан жараксыз абалга келип, урай баштаган. Мамлекет башчынын тапшырмасы менен объектиде капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. "Аскердик бөлүктүн базасында УКМКнын Чек ара кызматынын кенже командирлерин даярдоочу окуу борборун ачуу, ошондой эле "Бедел", "Каркыра-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын жана Каракол эл аралык аэропортунун ачылышына байланыштуу аскер кызматкерлеринин жеке курамын кеңейтүү пландалууда", — деп айтылат маалыматта. Президент Жапаров аскер бөлүгүн реконструкциялоону жана заманбап техникалар менен жабдууну тездетүүнү тапшырып, аскер кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан камсыздоо, анын ичинде жашоо шарттарын жакшыртуу маанилүү экенин белгиледи.
Социалдык фонддун коомчулук менен байланышуу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов октябрдан тарта электр жарыгына деп берилчү пенсиянын компенсациялык бөлүгү жокко чыгарыларын айтты. Быйыл пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 пайызга жогорулайт. Ошону менен катар эле аз пенсия алгандарга электр энергиясын төлөөгө берилчү 200-312 сомго чейинки компенсация жокко чыгарылат. 18 пайыз деген менен талапка ылайык 1000 сомдон кем эмес эсептелет. Андыктан компенсация алып жүргөн кээ бир жарандарга ал алып салынгандан кийин 1000 эмес 700-800 сом кошулуп калышы ыктымал. Анын айтымында, өлкөдө жалпысынан 787 000 пенсионер бар. Ал пенсианын камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатууга жыл сайын 20 миллиард сом керектелерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0