https://sputnik.kg/20240801/kyrgyzstan-filipin-deportatsiya-1087522026.html
Филиппинде баңги топ менен байланышта деген кыргызстандык аял кармалды
Филиппинде баңги топ менен байланышта деген кыргызстандык аял кармалды
Sputnik Кыргызстан
Шектүү депортацияланганга чейин Тагиг шаарындагы Багонг Дива лагеринде кармалып турары белгиленди. 01.08.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-08-01T15:00+0600
2024-08-01T15:00+0600
2024-08-01T15:00+0600
кыргызстан
филиппиндер
баңгизат
кылмыш
депортация
https://sputnik.kg/img/103493/06/1034930623_0:575:6017:3959_1920x0_80_0_0_82b6eba8cd2287ce0b1d2b053c426ce2.jpg
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Филиппинде африкалык баңги топ менен байланышы бар деп кыргызстандык аял кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн иммиграция бюросунун сайтында кабарланган.Маалыматка ылайык, шектүүнүн өлкөдө жүрүүгө алган уруксатынын мөөнөтү өтүп кеткен. Ал депортацияланганга чейин Тагиг шаарындагы Багонг Дива лагеринде кармалып турары белгиленди.Белгиленгендей, аталган жаранга 2023-жылы Филиппинден күч менен чыгаруу жана аны "кара тизмеге" киргизүү чечими кабыл алынган. Бирок кыргызстандык 2018-жылы 4-октябрда өлкөгө кирген боюнча чыкпай койгон. Визаны мыйзамдуу жол менен узартуу үчүн да кайрылган эмес.
https://sputnik.kg/20240703/kyrgyzstan-rossiya-akiykatchy-migrant-1086645356.html
филиппиндер
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103493/06/1034930623_0:0:5355:4016_1920x0_80_0_0_290d6985f84e55997032f993ccaf3a80.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, филиппиндер, баңгизат, кылмыш, депортация
кыргызстан, филиппиндер, баңгизат, кылмыш, депортация
Филиппинде баңги топ менен байланышта деген кыргызстандык аял кармалды
Шектүү депортацияланганга чейин Тагиг шаарындагы Багонг Дива лагеринде кармалып турары белгиленди.
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Филиппинде африкалык баңги топ менен байланышы бар деп кыргызстандык аял кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн иммиграция бюросунун
сайтында кабарланган.
Маалыматка ылайык, шектүүнүн өлкөдө жүрүүгө алган уруксатынын мөөнөтү өтүп кеткен. Ал депортацияланганга чейин Тагиг шаарындагы Багонг Дива лагеринде кармалып турары белгиленди.
"29 жаштагы А.Р. 20-июнда кармалган батыш африкалык баңги топко байланышы бар деген шек менен 23-июлда Макати шаарында кармалган", —деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, аталган жаранга 2023-жылы Филиппинден күч менен чыгаруу жана аны "кара тизмеге" киргизүү чечими кабыл алынган. Бирок кыргызстандык 2018-жылы 4-октябрда өлкөгө кирген боюнча чыкпай койгон. Визаны мыйзамдуу жол менен узартуу үчүн да кайрылган эмес.