00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бишкекте саат 15-00! Жаңылыктар менен тааныштырып студияда Кенжебай Сатканалиев. Саламатсыздарбы! Бул чыгарылышта:
ЕАЭБде сүт өндүрүүнүн көлөмү өстү Пентагон Жакынкы Чыгышта жаңы аскер күчтөрүн жайгаштырууга даяр турат Автогазга байланыштуу абал качан жөнгө салынары айтылды
Унаа газынын тартыштыгынын жаралуусуна бир нече орчундуу себеп бар. Биринчиден, Россиянын темир жолдорунда вагон-цистерналардын жетишсиздигинен улам ташып келүүчүлөр газды өз убагында жөнөтө албай жатышат. Бул тууралуу Канатбек Эшатов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, жалпы эле Орто Азияда, анын ичинде Казакстанда дагы унаа газынын тартыштыгы байкалууда. "Россияда август айынын аягында ички туризм басаңдап, ремонтто турган заводдор иштеп баштаса мурдагы өндүрүштүк кубаттуулугуна чыгат. Эгер августтун аягында иштеп калышса, сентябрдын башында же ортолоп тартыштык жоюлуп, калыбына келиши керек деп жатабыз", — деди Эшатов. Ошондой эле ал өлкөдө күйүүчү майдын башка түрлөрү жетиштүү экенин, тартыштык жаралбастыгын кошумчалады.
Армениядан башка Евразиялык экономикалык биримдикте сүт өндүрүшү өстү. Бул тууралуу Евыразиялык экономикалык комиссиянын отчетунда айтылат. Маалымат январь-июнь айларына карата алынып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырылган. Бул убакыт аралыгында жалпы 24 миллион 132,9 миң тонна сүт өндүрүлүп, көлөм 2,4 пайызга өскөн. Өлкөлөрдө сүт өндүрүү мындай өзгөргөн: Армения — 332 миң тонна өндүрүлүп (3,6 пайыз түшкөн); Беларусь — 4 миллион 410,2 миң тонна өндүрүлүп (7 пайызга өскөн); Казакстан — 1 миллион 726,8 миң тонна өндүрүлүп ( 4,3 пайызга өскөн); Кыргызстан — 838,8 миң тонна өндүрүлүп (2,7 пайызга өскөн); Россия — 16 миллион 825,1 миң тонна өндүрүлүп ( 1,1 пайызга өскөн).
Ысык-Көл облусундагы "Рух-Ордо" комплексин кечээ сел каптады. Натыйжада комплексти баткак басып калган. Жерине барган ӨК министри Бообек Ажикеев каналдын жээктерин бекемдөөнү тапшырды. Бүгүн-эртең комплекс тазаланып, конокторду кабыл албай турганы кошумчаланды. Буга чейин синоптиктер Ысык-Көл жана Нарындын тоолуу аймактарында сел кооптуулугу сакталарын эскертип, тоо-ташта эс албай турууга чакырган.
Пентагон чыңалган абалды "бир аз жумшартып", коркунучтарга жооп кайтаруу үчүн Жакынкы Чыгышта жаңы аскер күчтөрүн жайгаштырууга даяр. Бул тууралуу аталган түзүмдүн жетекчиси Ллойд Остин австралиялык кесиптештери менен биргелешип берген маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды. "Коопсуздугубузга, өнөктөштөрүбүзгө же кандайдыр бир кызыкчылыктарыбызга жаралган коркунучтарга жооп берүү үчүн аскер күчтөрүн жайгаштырууга даяр бойдон кала беребиз", — деген ал. Остиндин айтымында, "министрлик региондогу чыңалууну басаңдатып, Иран менен анын тилектештерин тизгиндеп туруу үчүн чараларды көрө бермекчи". Пентагондун жетекчиси “ЮСС Авраа́м Ли́нкольн” башында турган региондогу сокку уруучу топ Теодор Рузвельт авиакемеси баштаган техника менен алмаштырыларын белгиледи. Мындан тышкары, аймакка абадан коргонуучу каражаттар орнотулган эсминецтер менен ракеталык крейсерлер жөнөтүлүп, истребителдердин кошумча эскадрильясы жайгаштырылат. Дүйшөмбү күнү Ирактын батышында жайгашкан "Айн-аль-Асад" авиабазасы ракеталык аткылоого туш болгон. Пентагондун өкүлү кол салуудан жети америкалык аскер жабыркаганын маалымдаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0