00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон жумушчу сапары аяктаганын президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.Мамлекет башчысы 8-августта Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин жетекчилери менен бирге "Достук кечеси" гала-концертине катышкан.Бүгүн Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын VI консультативдик жолугушуусунда сүйлөп, учурдун маанилүү маселелерине токтолгон.Жыйынга Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон жана Сердар Бердымухамедов келген. Андан соң Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын жолугушуусуна катышкан.Маалымат кызматы Жапаров Казакстанга болгон жумушчу сапарын аяктагандан кийин Чолпон-Ата шаарына кайтып келгенин билдирди.
Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча комиссия биринчи окуу жылына 22 талапкерди жактырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, аталган комиссия экинчи окуу жылга алты арызды жактырган. Толук тизме менен Спутник кг сайтынан таанышып алсаныз болот. Эске салсак, бул стипендияга жыл сайын 50 орун бөлүнөт. Анын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 20, экономикалык багыттар боюнча — 10, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча — 10, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн 10 стипендия каралган. Ага документтерди кабыл алуу 1-майдан башталган.
Бишкекте боло турчу Qarash Lab кинофестивалынын алкагында "Жаңы каарман" сынагы өтмөкчү. Уюштуруучулардын айтымында, сынакка актердук таланты бар, актер болгусу келген Кыргызстандын бардык жараны катышат алат. Жаш курагы, кайсы тилде сүйлөөрү маанилүү эмес. Сынактын байге фонду 200 миң сом. Финалга чыккандар 50 миң сомдон алып, актердук чеберчилигин алдыңкы адистердин акысыз окутуусу менен жогорулата алышат. Qarash Lab кинофестивалы бул ирет актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун 85 жылдык мааракесине арналмакчы.
АКШнын президенти Жо Байден ордун баса турган адамга согушка чулганган өлкөнү "мураска" калтырат. Бул тууралуу New York Times гезитине шилтеме жасап РИА Новости жазды.Макалада кийинки президент ким болсо дагы мунун кесепети өтө оор болору жазылган."Байден тынчтыкты убадалап, бирок ордуна келе турган адамга согушка чулганган өлкөнү калтырат... Байдендин "мураскери" үчүн, ал мурдагы президент Дональд Трамп болобу же вице-президент Камала Харриспи, кесепеттери абдан чоң болушу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.Байден мөөнөтүнүн көбүндө "согуш учурундагы лидер" катары көрүнгөнү, ал Украинадагы жаңжалда Россияга каршы коомдук пикирди жана аскердик күчтү мобилизациялоого убактысын короткону айтылган. Ошондой эле Газа тилкесиндеги согушта Израилди колдоодо активдүү роль ойногону жазылды. Мындан тышкары, америкалык аскерлер Йемендин түндүгүн башкарган "Ансар Алла" кыймылын бир нече жолу бомбалаганы белгиленген.АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Дональд Трамп расмий түрдө Республикалык партиядан көрсөтүлдү. Байден жарышка катышуудан баш тарткандан кийин Демократиялык партиянын атынан учурдагы вице-президент Камала Харрис талапкер болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0