00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого шектелип ишкер Жалил Атамбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, алар Салимбай Абдувалиев менен мамиле куруп, бизнесин калкалаткан. "Жалил Атамбаев өзүнүн бизнес-империясын кеңейтүү максатын көздөп, Өзбекстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидери Салимбай Абдувалиев менен жакын мамиледе болгон. Өз кезегинде Абдувалиев Атамбаевге колдоо көрсөтүп, бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп берген, ал үчүн кыргыз ишкеринен эбегейсиз каражат алган. Кылмыш ишинин дагы бир фигуранты Салайдин Айдаров дагы Өзбекстандын кылмыш дүйнөсүнүн лидерине ар тараптан сый-урмат көрсөтүп, ишмердүүлүгүнө колдоо алган", — деп айтылат маалыматта.Эске салсак, УКМК 1-августта Салим Абдувалиевге эл аралык издөө жарыялаган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия менен Кыргызстандын ортосундагы радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды аныктоо жана баалоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитти. Токтом "Эркин-Тоо" гезитинин 6-августтагы чыгарылышында жарыяланды.Анда аталган макулдашууга Кыргызстандын жана Россиянын коргоо министрлери 26-апрелде Астана шаарында кол коюшканы айтылган."Коргоо министрлиги аталган макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары аныкталсын. Тышкы иштер министрлиги аталган макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Россия тарапка кабарласын", — деп жазылган министрлер кабинетинин 31-июлдагы №443 токтомунда.Ошондой эле токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирери кошумчаланган.
Париж Олимпиадасынан коло медаль алып келген спортчу Айсулуу Тыныбекова спорттогу карьерасын жыйынтыктоо боюнча суроого маалымат жыйында жооп берди.Ал спорттогу сапарын жыйынтыктоо боюнча пикирлер болуп жатканына токтолду."Азыр деле чарчап турам. Мага убакыт керек, ойлонушум керек. Эс алып алгандан кийин туура жооп айта алам", — деди спортчу кыз. Эске салсак, бүгүн Бишкек шаарында Париждеги XXXIII жайкы Олимпиададан кайткан спортчуларды тосуп алып, аларды сыйлоо салтанаты болду. Тыныбекова Парижден коло медаль менен кайткан.
Европа Россия менен чырдашууга бет алып баратат. Бул тууралуу Сербиянын вице-премьери Александр Вулин РИА Новостиге маек куруп жатып билдирген.Ал Москва тараптан эч кандай кооптуулук жаралбаганын белгиледи.Саясатчы Россия менен Сербияны кагылыштыруу аракетине көңүл бурду. Анын айтымында, сербиялык бейөкмөт уюмдардын басымдуу бөлүгү ЖМК аркылуу Украинанын Сербия тарабынан куралданышы боюнча жалган маалыматтарды таратуу тапшырмасын алышкан. Вулин мунун баары Россияда коомдук пикирди жаратып, Москва менен Белграддын ортосуна от коюу максатында жасалып жатканын белгиледи. Мындай аракеттер "Россияны мурунку СССРдин батыш чек арасындагы жалгыз ылым санаган мамлекет менен араздаштырып, ал эми Сербияны эл аралык аренадагы тарыхый өнөктөштөн ажыратууну" көздөйт. Вулин серб курал-жарагы Украинага жеткирилип жатат деген имиш кепти четке кагып, аны сатып алгандар үчүнчү өлкөгө сатууга уруксат сурашпаганын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0