https://sputnik.kg/20240813/kyrgyzstan-sadyra-zhaparov-olimpiada-1087819925.html
Садыр Жапаров: кыргыз спортунун тарыхы жаңыдан жазылууда!
Садыр Жапаров: кыргыз спортунун тарыхы жаңыдан жазылууда!
Sputnik Кыргызстан
Өлкө башчы спорттогу ийгиликтер улут биримдигин чыңдоого салым болгонун белгиледи. 13.08.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-08-13T11:38+0600
2024-08-13T11:38+0600
2024-08-13T12:50+0600
олимпиада оюндары — 2024
кыргызстан
садыр жапаров
олимпиада
спорт
бишкек
https://sputnik.kg/img/07e8/08/0d/1087822480_0:64:2048:1217_1920x0_80_0_0_98a1fe907598dc929a0286fa108bbd0e.jpg
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Париждеги Олимпиададагы ийгиликтердин аркасында кыргыз спортунун жаңы тарыхы жазылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Олимпиададан кайтып келген спортчуларды тосуп алуу аземинде билдирди.Анын айтымында, Париж Олимпиадасы өлкө тарыхында жемиштүү болду.Президент Олимпиадага катышкан 16 спортчунун ар бирине токтолуп, мелдештеги өзгөчөлүгүн, жетишкендигин санап өттү.Ошондой эле ал спорттогу ийгиликтер улут биримдигин чыңдоого салым болгонун кошумчалады.Жапаров Париж Олимпиадасында тарыхы бир, тамыры бир, тили менен дили орток кыргыз, казак, өзбек күйөрмандарынын өз ара ынтымагы дүйнө жүзүнө даңазалангандыгын белгиледи."Спортчуларыбыздын чет жерде бири-бирине ылым санашып, тууган сезишип, жеңиш сезимдерин бөлүшүп, көкүрөк тийгизе кучакташкан көз ирмемдери үч элдин эзелтен берки келаткан достук, тууганчылык, жакын коңшулук мамилесин ого бетер арттыргандыгы болду. Кыргыз, казак, өзбек элинин ынтымагы мындан ары да чыңдала берсин, ылайым", — деди Жапаров.Белгилей кетсек, Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарында Мунарбек Сейитбек уулу жана Мээрим Жуманазарова күмүш, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков коло медаль тагынышты.
https://sputnik.kg/20240813/olimpiadadan-kajtkan-sportchulardy-choy-saltanat-menen-tosup-alyshty-1087812622.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/08/0d/1087822480_171:76:1798:1296_1920x0_80_0_0_3de7306c53fd406e1ef17512f31ba752.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, олимпиада, спорт, бишкек
кыргызстан, садыр жапаров, олимпиада, спорт, бишкек
Садыр Жапаров: кыргыз спортунун тарыхы жаңыдан жазылууда!
11:38 13.08.2024 (Жаңыртылды: 12:50 13.08.2024) Өлкө башчы спорттогу ийгиликтер улут биримдигин чыңдоого салым болгонун белгиледи.
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Париждеги Олимпиададагы ийгиликтердин аркасында кыргыз спортунун жаңы тарыхы жазылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Олимпиададан кайтып келген спортчуларды тосуп алуу аземинде билдирди.
Анын айтымында, Париж Олимпиадасы өлкө тарыхында жемиштүү болду.
"Париждеги Олимпиададагы ийгиликтердин аркасында кыргыз спортунун жаңы тарыхы жазылууда. Бул жолку оюндар өлкө тарыхындагы эң ийгиликтүүсү, жемиштүүсү болду. Бул иш-чарага 10 миңден ашуун спортчу катышып, 206 командадан Кыргызстан 16 спортчусу менен медалдык эсепте 68-орунду ээледи. Ал эми Азиядан катышкан 44 өлкөдөн 15-орунда болду. 16 спортчунун алтоо байгелүү кайтып, баргандар менен медаль алгандардын катышы боюнча сап башына чыктык", — деди мамлекет башчы.
Президент Олимпиадага катышкан 16 спортчунун ар бирине токтолуп, мелдештеги өзгөчөлүгүн, жетишкендигин санап өттү.
Ошондой эле ал спорттогу ийгиликтер улут биримдигин чыңдоого салым болгонун кошумчалады.
Жапаров Париж Олимпиадасында тарыхы бир, тамыры бир, тили менен дили орток кыргыз, казак, өзбек күйөрмандарынын өз ара ынтымагы дүйнө жүзүнө даңазалангандыгын белгиледи.
"Спортчуларыбыздын чет жерде бири-бирине ылым санашып, тууган сезишип, жеңиш сезимдерин бөлүшүп, көкүрөк тийгизе кучакташкан көз ирмемдери үч элдин эзелтен берки келаткан достук, тууганчылык, жакын коңшулук мамилесин ого бетер арттыргандыгы болду. Кыргыз, казак, өзбек элинин ынтымагы мындан ары да чыңдала берсин, ылайым", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарында Мунарбек Сейитбек уулу жана Мээрим Жуманазарова күмүш, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков коло медаль тагынышты.