https://sputnik.kg/20240814/yeaeb-kyrgyzstan-ekonomika-1087848879.html
Өзбекстан эмне үчүн Кыргызстанда завод курууда? Экономист ЕАЭБдин ролу тууралуу
Өзбекстан эмне үчүн Кыргызстанда завод курууда? Экономист ЕАЭБдин ролу тууралуу
Sputnik Кыргызстан
Экономист Нургүл Акимова Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөлүгүнөн кандай пайда тапканын айтып берди. 14.08.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-08-14T09:36+0600
2024-08-14T09:36+0600
2024-08-14T09:36+0600
еаэб
кыргызстан
кытай
экономика
соода
https://sputnik.kg/img/07e7/03/0f/1073618296_0:159:3076:1889_1920x0_80_0_0_c9bc7a776141ba7dddcfadbfdb57a58d.jpg
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Экономист Нургүл Акимова Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери өлкөнүн инвестициялык дарамети жогорулаганын Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.Ал ошондой эле биримдиктин башка өлкөлөрүнүн рыногуна чыгуудагы тоскоолдуктар азайганын белгиледи."Товар жүгүртүүнүн көлөмү республика экономикалык биримдикке мүчө болгонунан улам өстү. Кытайдан он жыл мурун алган товардын көлөмү менен учурдагы сандарды салыштырсак, үч эселеген өсүштү көрөбүз. Эмнеге? Анткени мурда даяр товарды өзүбүзгө жана реэкспортко алчубуз, азыр болсо өзүбүз жана ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн алып жатабыз", — деди Акимова.Экономист Кытайдан даяр продукциядан тышкары тетиктер дагы, мисалы, фурнитура алып келинерин кошумчалаган."Муну менен Кыргызстан өзүнүн товарын өндүрүүдө. Тагыраагы, кыргызстандыктар ортодо иштеп, пайда таап жатат", — деп түшүндүрдү адис.
https://sputnik.kg/20240812/kyrgyzstandy-eaehbge-kirishi-investiciyany-kobojttu-1087789787.html
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/03/0f/1073618296_174:0:2903:2047_1920x0_80_0_0_b9d850186071357b3777ca05a5b23462.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
еаэб, кыргызстан, кытай, экономика, соода
еаэб, кыргызстан, кытай, экономика, соода
Өзбекстан эмне үчүн Кыргызстанда завод курууда? Экономист ЕАЭБдин ролу тууралуу
Экономист Нургүл Акимова Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөлүгүнөн кандай пайда тапканын айтып берди.
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Экономист Нургүл Акимова Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери өлкөнүн инвестициялык дарамети жогорулаганын
Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.
"Биримдиктин 180 миллиондук рыногуна чыккысы келген өлкөлөр соңку маалда Кыргызстанга келип жайгашууда. Ага мисал катары жакында эле ачылган кыргыз-өзбек автозаводун айтсак болот. Эгерде ЕАЭБге кирбеген Өзбекстан даяр продукциясын Кыргызстанга же Кыргызстан аркылуу башка жакка экспорттосо, анда көбүрөөк бажы салыгын төлөмөк. Албетте, ал баага да таасир этип, өзбекстандык автоунаалар кымбат болмок. Мындан тышкары, бирдиктүү экономикалык аймак болгон ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыногу Кыргызстан үчүн чоң пайда алып келет. Өлкө эл аралык сооданы өзүнүн аймагында жүргүзүүдө деп айтсак болот", — деп белгилеген адис.
Ал ошондой эле биримдиктин башка өлкөлөрүнүн рыногуна чыгуудагы тоскоолдуктар азайганын белгиледи.
"Товар жүгүртүүнүн көлөмү республика экономикалык биримдикке мүчө болгонунан улам өстү. Кытайдан он жыл мурун алган товардын көлөмү менен учурдагы сандарды салыштырсак, үч эселеген өсүштү көрөбүз. Эмнеге? Анткени мурда даяр товарды өзүбүзгө жана реэкспортко алчубуз, азыр болсо өзүбүз жана ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн алып жатабыз", — деди Акимова.
Экономист Кытайдан даяр продукциядан тышкары тетиктер дагы, мисалы, фурнитура алып келинерин кошумчалаган.
"Муну менен Кыргызстан өзүнүн товарын өндүрүүдө. Тагыраагы, кыргызстандыктар ортодо иштеп, пайда таап жатат", — деп түшүндүрдү адис.