https://sputnik.kg/20240823/bejish-ehnenin-tamanynda-tasmasy-oskarga-korsotuldu-1088102624.html
"Бейиш эненин таманында" тасмасы "Оскар" сыйлыгы үчүн ат салышмай болду
"Бейиш эненин таманында" тасмасы "Оскар" сыйлыгы үчүн ат салышмай болду
Sputnik Кыргызстан
Аталган кино психикалык өнүгүүсү артта калган 35 жаштагы адамдын жана анын 75теги апасынын Меккеге сапарын баяндайт. 23.08.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-08-23T11:48+0600
2024-08-23T11:48+0600
2024-08-23T11:49+0600
кыргызстан
руслан акун
оскар
"бейиш эненин таманында" тасмасы
маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги
маданият
https://sputnik.kg/img/07e8/08/17/1088102338_0:718:1200:1393_1920x0_80_0_0_cb21e9fb18dce5ef9e9c4bc97b88d2e9.jpg
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Режиссер Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөнүн Маданият министрлиги билдирди.Маалыматта "Оскардын" чет мамлекеттердеги комитеттери учурда талапкерлердин узун тизмесин түзүп жатканы, андан кийин шорт-лист (кыска тизме) түзүлүп, жеңүүчү аныкталары айтылган.Абройлуу сыйлык үчүн ат салыша турган тасманы тандоо иш-чарасы бүгүн, 23-августта, Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өткөн. Кыргыз фильмдери "Чет тилдеги эң мыкты тасма" номинациясы боюнча көрсөтүлөт. "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында Лос-Анжелестеги легендарлуу Dolby театрында болот.Аталган кино психикалык өнүгүүсү артта калган 35 жаштагы адамдын жана анын 75теги апасынын Меккеге сапарын баяндайт. Тасма Кыргызстандан тышкары Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Сауд Араб өлкөсүндө тартылган.Кино Казакстан, Өзбекстан, Россияда прокатка чыгып, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Ошондой эле тасманы түрк жана араб тилдерине которуу пландалып жатканы айтылган болчу.
https://sputnik.kg/20240511/moskva-ruslan-akun-gran-pri-1085027589.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/08/17/1088102338_0:683:1200:1583_1920x0_80_0_0_2cffa63ff51f6951efbb01845588e9c9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, руслан акун, оскар, "бейиш эненин таманында" тасмасы, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, маданият
кыргызстан, руслан акун, оскар, "бейиш эненин таманында" тасмасы, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, маданият
"Бейиш эненин таманында" тасмасы "Оскар" сыйлыгы үчүн ат салышмай болду
11:48 23.08.2024 (Жаңыртылды: 11:49 23.08.2024) Аталган кино психикалык өнүгүүсү артта калган 35 жаштагы адамдын жана анын 75теги апасынын Меккеге сапарын баяндайт.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Режиссер Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөнүн Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматта "Оскардын" чет мамлекеттердеги комитеттери учурда талапкерлердин узун тизмесин түзүп жатканы, андан кийин шорт-лист (кыска тизме) түзүлүп, жеңүүчү аныкталары айтылган.
Абройлуу сыйлык үчүн ат салыша турган тасманы тандоо иш-чарасы бүгүн, 23-августта, Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өткөн. Кыргыз фильмдери "Чет тилдеги эң мыкты тасма" номинациясы боюнча көрсөтүлөт. "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында Лос-Анжелестеги легендарлуу Dolby театрында болот.
Аталган кино психикалык өнүгүүсү артта калган 35 жаштагы адамдын жана анын 75теги апасынын Меккеге сапарын баяндайт. Тасма Кыргызстандан тышкары Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Сауд Араб өлкөсүндө тартылган.
Кино Казакстан, Өзбекстан, Россияда прокатка чыгып, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Ошондой эле тасманы түрк жана араб тилдерине которуу пландалып жатканы айтылган болчу.