https://sputnik.kg/20240824/1088132456.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстандын алгачкы космонавты Салижан Шариповду 60 жаш мааракеси менен куттуктады Куттуктоодо мындан дээрлик 90 жыл мурун кыргыз... 24.08.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-08-24T13:00+0600
2024-08-24T13:00+0600
2024-08-24T14:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/08/18/1088132324_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_df837e6edd41d6fb9085634ff3373b0b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстандын алгачкы космонавты Салижан Шариповду 60 жаш мааракеси менен куттуктады Куттуктоодо мындан дээрлик 90 жыл мурун кыргыз жазуучусу Кусейин Эсенгожоев космоско учууну кыялданып, “Үчүнчү шар” аттуу керемет чыгарма жаратканы айтылат. “Ошол кыялды 60 жыл өткөндөн кийин сиз иш жүзүнө ашырдыңыз. “Туулган жердин топурагы алтын” деп Кыргызстандын кызыл туусу менен Ата Мекендин бир ууч топурагын алып, космоско учуп, жалпы мамлекетибизге эбегейсиз сый-урмат алып келдиңиз. Кыргыз Республикасынын туңгуч космонавты — кыргыз жараны, Кыргызстандын кулуну Салижан Шарипов менен Кыргызстандын даңкы далайга кетти”, - деп айтылат куттуктоодо. Өлкө башчы ага бекем ден соолук, узак өмүр, албан-албан ийгиликтерди каалаган. Шарипов космоско эки жолу учуп, Кыргызстан менен Россиянын Баатыры болгон.
Кыргызстандын кесиптик-техникалык лицейлеринде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген студенттердин саны өсүүдө. Мындай жыйынтыкты Улуттук статистика комитетинин маалыматынан улам чыгарууга болот. Алсак, 2019-2020-окуу жылында өлкөдөгү орто кесиптик билим берүү уюмдарына 734 чет өлкөлүк жаран кабыл алынган, анын 204ү Казакстандан болсо, 287си россиялыктар. Студенттердин саны тынымсыз жогорулоодо. Маселен, 2023-2024-окуу жылында 1 463 чет элдик жаран тапшырса, анын 529у Казакстандан, 741и Россиядан келген. Армениядан Кыргызстандын кесиптик лицейлерине тапшыргандар жок болсо, Беларустан бир-экөө эле келген.Беш жылдын ичинде кесиптик-техникалык окуу жайларында чет өлкөлөрдөн келген студенттердин саны эки эсе көбөйгөн. Казакстандыктар менен россиялыктардын саны эки жарым эсеге өскөнүн көрүүгө болот.
Түндө Кыргызстанда жер титиреп, магнитудасы 5 баллга жетти. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты. Билдирмеге караганда, жер титирөөнүн очогу Баткенден 60 чакырым аралыкта жайгашкан. Силкинүү Кан, Сары-Талаа, Коргон, Жөө-Пая айылдарында 4 баллга чейин, Кыштут, Табылгы, Кайыңды, Жаңырык айылдарында 3,5 балл, Карамык, Кара-Тейит айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Быйыл Украинада согуштан качкан жана аскердик бөлүктөрдү өз алдынча таштап кеткен 37 миң учурду катташкан, бул 2022-жылга салыштырмалуу төрт эсе көп. Мындай маалыматты РИА Новости агенттиги Новости.Live ресурсуна таянып кабарлады. Алар украиналык саясий жана коомдук ишмер Олеся Донияга таянып жазышкан. "Быйылкы жылдын жети айында баш-аягы 37 миң жолу дезертирлик жана аскердик бөлүктү өз алдынча таштап кетип калган учур болгон", — деп айтылган басылманын сайтында. Дониянын айтымында, 2022-жылы мындай учур тогуз миң, ал эми былтыр 21 миң жолу кездешкен. "Аскер кызматкерлери чындыгында мындан эки эсеп көп дешти. Андыктан армияны бекемдеп, ал эми мобилизация боюнча ыкмаларды жөндөп, оңдоп-түзөш керек", — деген коомдук ишмер. Мындан мурдараак Жогорку Раданын депутаты Руслан Горбенко Украинада жергиликтүү аскер кызматкерлерине карата бөлүктү таштап же согушка баргандан баш тартканы үчүн 80 миңден ашык кылмыш иш козголгонун айткан.
Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстандын алгачкы космонавты Салижан Шариповду 60 жаш мааракеси менен куттуктады Куттуктоодо мындан дээрлик 90 жыл мурун кыргыз жазуучусу Кусейин Эсенгожоев космоско учууну кыялданып, “Үчүнчү шар” аттуу керемет чыгарма жаратканы айтылат. “Ошол кыялды 60 жыл өткөндөн кийин сиз иш жүзүнө ашырдыңыз. “Туулган жердин топурагы алтын” деп Кыргызстандын кызыл туусу менен Ата Мекендин бир ууч топурагын алып, космоско учуп, жалпы мамлекетибизге эбегейсиз сый-урмат алып келдиңиз. Кыргыз Республикасынын туңгуч космонавты — кыргыз жараны, Кыргызстандын кулуну Салижан Шарипов менен Кыргызстандын даңкы далайга кетти”, - деп айтылат куттуктоодо. Өлкө башчы ага бекем ден соолук, узак өмүр, албан-албан ийгиликтерди каалаган. Шарипов космоско эки жолу учуп, Кыргызстан менен Россиянын Баатыры болгон. Кыргызстандын кесиптик-техникалык лицейлеринде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген студенттердин саны өсүүдө. Мындай жыйынтыкты Улуттук статистика комитетинин маалыматынан улам чыгарууга болот. Алсак, 2019-2020-окуу жылында өлкөдөгү орто кесиптик билим берүү уюмдарына 734 чет өлкөлүк жаран кабыл алынган, анын 204ү Казакстандан болсо, 287си россиялыктар. Студенттердин саны тынымсыз жогорулоодо. Маселен, 2023-2024-окуу жылында 1 463 чет элдик жаран тапшырса, анын 529у Казакстандан, 741и Россиядан келген. Армениядан Кыргызстандын кесиптик лицейлерине тапшыргандар жок болсо, Беларустан бир-экөө эле келген.Беш жылдын ичинде кесиптик-техникалык окуу жайларында чет өлкөлөрдөн келген студенттердин саны эки эсе көбөйгөн. Казакстандыктар менен россиялыктардын саны эки жарым эсеге өскөнүн көрүүгө болот. Түндө Кыргызстанда жер титиреп, магнитудасы 5 баллга жетти. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты. Билдирмеге караганда, жер титирөөнүн очогу Баткенден 60 чакырым аралыкта жайгашкан. Силкинүү Кан, Сары-Талаа, Коргон, Жөө-Пая айылдарында 4 баллга чейин, Кыштут, Табылгы, Кайыңды, Жаңырык айылдарында 3,5 балл, Карамык, Кара-Тейит айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Быйыл Украинада согуштан качкан жана аскердик бөлүктөрдү өз алдынча таштап кеткен 37 миң учурду катташкан, бул 2022-жылга салыштырмалуу төрт эсе көп. Мындай маалыматты РИА Новости агенттиги Новости.Live ресурсуна таянып кабарлады. Алар украиналык саясий жана коомдук ишмер Олеся Донияга таянып жазышкан. "Быйылкы жылдын жети айында баш-аягы 37 миң жолу дезертирлик жана аскердик бөлүктү өз алдынча таштап кетип калган учур болгон", — деп айтылган басылманын сайтында. Дониянын айтымында, 2022-жылы мындай учур тогуз миң, ал эми былтыр 21 миң жолу кездешкен. "Аскер кызматкерлери чындыгында мындан эки эсеп көп дешти. Андыктан армияны бекемдеп, ал эми мобилизация боюнча ыкмаларды жөндөп, оңдоп-түзөш керек", — деген коомдук ишмер. Мындан мурдараак Жогорку Раданын депутаты Руслан Горбенко Украинада жергиликтүү аскер кызматкерлерине карата бөлүктү таштап же согушка баргандан баш тартканы үчүн 80 миңден ашык кылмыш иш козголгонун айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/08/18/1088132324_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3b03e719b2b0dabab648f372b394ef41.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио