https://sputnik.kg/20240824/kosmonavt-salizhan-sharipov-zhaparov-kuttuktoo-1088129092.html
Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов 60 жашта. Жапаровдун куттуктоосу
Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов 60 жашта. Жапаровдун куттуктоосу
Sputnik Кыргызстан
Шарипов космоско эки жолу учуп, Кыргызстан менен Россиянын Баатыры болгон. 24.08.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-08-24T12:31+0600
2024-08-24T12:31+0600
2024-08-24T12:31+0600
кыргызстан
россия
садыр жапаров
салижан шарипов
космонавт
куттуктоо
https://sputnik.kg/img/104474/29/1044742976_0:167:2400:1517_1920x0_80_0_0_1237e67109da3abb7653e4792fdda836.jpg
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстандын алгачкы космонавты Салижан Шариповду 60 жаш мааракеси менен куттуктады.Куттуктоодо мындан дээрлик 90 жыл мурун кыргыз жазуучусу Кусейин Эсенкожоев космоско учууну кыялданып, "Үчүнчү шар" аттуу керемет чыгарма жаратканы айтылат.Жапаров Совет мезгилинде өлкө космостук аппараттардын эң керектүү тетиктерин жана приборлорун жасоо менен космостук программанын бараандуу өкүлү болуп сыймыктанганын белгилеген.Шарипов космоско эки жолу учуп, Кыргызстан менен Россиянын Баатыры болгон."Эгемендик жылдарында Орто Азия боюнча космоско учкан мекендешибиз катары сиз менен ар дайым сыймыктанып келебиз. Космосту багындыргандагы эмгегиңиз бааланып, мамлекеттин эң жогорку сыйлыгы — Кыргыз Республикасынын Баатыры наамына арзыдыңыз. 2004-жылы Сиз космоско дагы бир жолу көтөрүлүп, Россия Федерациясынын Баатыры наамына ээ болдуңуз", — деген Жапаров.Өлкө башчы ага бекем ден соолук, узак өмүр, албан-албан ийгиликтерди каалаган.
https://sputnik.kg/20240422/sergey-korsakov-salizhan-sharipov-kosmos-muzey-1084472947.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104474/29/1044742976_163:0:2400:1678_1920x0_80_0_0_10dc7126dd15c801814b8efff98a6070.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, садыр жапаров, салижан шарипов, космонавт, куттуктоо
кыргызстан, россия, садыр жапаров, салижан шарипов, космонавт, куттуктоо
Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов 60 жашта. Жапаровдун куттуктоосу
Шарипов космоско эки жолу учуп, Кыргызстан менен Россиянын Баатыры болгон.
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстандын алгачкы космонавты Салижан Шариповду 60 жаш мааракеси менен куттуктады.
Куттуктоодо мындан дээрлик 90 жыл мурун кыргыз жазуучусу Кусейин Эсенкожоев космоско учууну кыялданып, "Үчүнчү шар" аттуу керемет чыгарма жаратканы айтылат.
"Ошол кыялды 60 жыл өткөндөн кийин сиз иш жүзүнө ашырдыңыз. "Туулган жердин топурагы алтын" деп Кыргызстандын кызыл туусу менен Ата Мекендин бир ууч топурагын алып космоско учуп, жалпы мамлекетибизге эбегейсиз сый-урмат алып келдиңиз. Кыргыз Республикасынын туңгуч космонавты — кыргыз жараны, Кыргызстандын кулуну Салижан Шарипов менен Кыргызстандын даңкы далайга кетти", — деп айтылат куттуктоодо.
Жапаров Совет мезгилинде өлкө космостук аппараттардын эң керектүү тетиктерин жана приборлорун жасоо менен космостук программанын бараандуу өкүлү болуп сыймыктанганын белгилеген.
Шарипов космоско эки жолу учуп, Кыргызстан менен Россиянын Баатыры болгон.
"Эгемендик жылдарында Орто Азия боюнча космоско учкан мекендешибиз катары сиз менен ар дайым сыймыктанып келебиз. Космосту багындыргандагы эмгегиңиз бааланып, мамлекеттин эң жогорку сыйлыгы — Кыргыз Республикасынын Баатыры наамына арзыдыңыз. 2004-жылы Сиз космоско дагы бир жолу көтөрүлүп, Россия Федерациясынын Баатыры наамына ээ болдуңуз", — деген Жапаров.
Өлкө башчы ага бекем ден соолук, узак өмүр, албан-албан ийгиликтерди каалаган.