00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Ысык-Көлдө 6 млн. сомдук кампа мамлекетке кайтарылдыОшто өспүрүмдү кордогон деп эркек киши менен бир кыз кармалдыБыйыл картошка Ысык-Көл менен Чүйдө мол түшүм берди алдыда кененирээкӨлкөдө 310 миң тонна картошка казылды. Орто эсеп менен алганда бул өткөн жылдын ушул учурунан 22 миң тоннага көп экенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады. · Билдирмеге ылайык, бул жылда картошканын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 170 центнерди түзүп, былтыркыга караганда ар бир гектардан 4,2 центнерге көп болууда. Картошка өзгөчө Ысык-Көл, Чүй облустарында жакшы түшүм берген, мындагы дыйкандар гектарынан 184 центнерден түшүм алышууда. "Мөмө-жемиш, жашылчаларды жыйноо да кызуу жүрүп жатат. Ушул тапта өлкөдө 538,5 миң тонна жашылча жана 221,2 миң тонна мөмө-жемиш жыйналган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,8 миң тоннага көп. Кылкандуу дан эгиндери, буудай, арпа 398,8 миң гектардан жыйналды же жалпы аянттын 81,2 пайызындагы түшүм жыйналып бүттү", — деп айтылат маалыматта. Министрлик кылкандуу дан эгиндеринин жыйноого 810 комбайн иштетилип жатканын кошумчалады.
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы баасы 6 миллион сомду түзгөн дан кампасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.Маалыматка караганда, Ичке-Жергез айылындагы 700 чарчы метрлик кампа жайгашкан жердин жалпы аянты бир гектарды түзөт. "2000-жылдын башында С.Б. аттуу мурдагы аткаминер кызматтык абалынан пайдаланып, Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн кызматкерлери аркылуу документтерди жасалмалап, бир гектар жер тилкеси менен дан кампасын жеке менчикке өткөрүп алган. Ал күнөөсүн мойнуна алып, кампаны өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берди", — деп айтылат маалыматта. УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана басылмаларды аныктоо, мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантып жатканы белгиленди.
Ошто 15 жаштагы кызды сексуалдык кулчулукта кармоо фактысы боюнча эки адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Буга чейин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерин Ош шаарында зомбулукка кабылган өспүрүм кыздын укугун коргоп, убакытты созбой чара көрүүгө чакырган. "Жашы жете элек М.М. социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда күбө катарында суракка алынып, көрсөтмө берген. Ага карата соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза да дайындалган. Тийиштүү иш-чаралардын натыйжасында ур-токмокко алууга катышкан деп 21 жаштагы Э. Б. аттуу кыз кармалса, Ош шаарындагы мейманканада зордуктоого шектелип 27 жаштагы У.Х. тергөө кызматына жеткирилген", — деп айтылат маалыматта. Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдар аныкталып, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Далил катары видеолор алынган.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 85 сом 34 тыйынга 1 евро 94 сом 92 тыйынга 1 рубль 93 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 68 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 73 сом 90 тыйындан тарта, 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 36 сом 20 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 28-августка караган түнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 28-август, шаршембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап күн күркүрөшу күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +21...+26, Ош, Жалал-Абад облустарында +29...+34, Баткен өрөөнүндө +28...+33, Ысык-Көл жергесинде +23...+28, Нарында +24...+29 градус жылуу болот. Борбор калаада күндүн табы +27...+29, Ош шаарында +31...+33, Чолпон-Атада +25...+27 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0