https://sputnik.kg/20240830/bishkek-urologiya-laparoskopiya-hirurg-operaciya-1088256495.html
Бишкекте урологдор акысыз операция жасашууда
Бишкекте урологдор акысыз операция жасашууда
Sputnik Кыргызстан
Лапароскопиялык урология боюнча мастер-классты россиялык уролог-хирург, РФтеги лапароскопиялык мектептин негиздөөчүсү Эдуард Галлямов өткөрүүдө. 30.08.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-08-30T08:36+0600
2024-08-30T08:36+0600
2024-08-30T10:22+0600
кыргызстан
бишкек
урология
хирург
операция
https://sputnik.kg/img/07e8/08/1d/1088256600_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_cbc08e5611642e1da1a7882f48c1b636.jpg
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Улуттук госпиталдын урологиялык илимий борборунда үч бейтапка акысыз операция жасалды. Бул тууралуу хирург-уролог Болот Рысбаев билдирди.Маалыматка караганда, аталган жайда лапароскопиялык (хирургиялык операциянын жаңы ыкмасы, мында операциялар бычаксыз, 05 – 1,5 см тешик аркылуу эле жасалат - ред.) урология боюнча мастер-класстар өтүлдү. Аны россиялык уролог-хирург, РФтеги лапароскопиялык мектептин негиздөөчүсү Эдуард Галлямов өткөргөн.29-августта Эдуард Галлямов баштаган топ лапароскопиялык простатэктомия, лапароскопиялык нефроэктомия жана лапароскопиялык миомаэктомия боюнча операцияларды ийгиликтүү жасаган. Бүгүн, 30-августта, дагы эки операция акысыз жасалат."Мастер-класста көрсөтүлгөн лапароскопиялык операциянын жаңы ыкмасы жергиликтүү урологдор үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду. Тажрыйбабызды эми практикада колдонобуз", — деди Рысбаев.
https://sputnik.kg/20220401/prostatit-bez-sezgenuu-sebepteri-belgileri-aldyn-aluu-1063310484.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/08/1d/1088256600_217:0:2948:2048_1920x0_80_0_0_236db8c3ae9771f6d863c5b933048072.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, урология, хирург, операция
кыргызстан, бишкек, урология, хирург, операция
Бишкекте урологдор акысыз операция жасашууда
08:36 30.08.2024 (Жаңыртылды: 10:22 30.08.2024) Лапароскопиялык урология боюнча мастер-классты россиялык уролог-хирург, РФтеги лапароскопиялык мектептин негиздөөчүсү Эдуард Галлямов өткөрүүдө.
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Улуттук госпиталдын урологиялык илимий борборунда үч бейтапка акысыз операция жасалды. Бул тууралуу хирург-уролог Болот Рысбаев билдирди.
Маалыматка караганда, аталган жайда лапароскопиялык (хирургиялык операциянын жаңы ыкмасы, мында операциялар бычаксыз, 05 – 1,5 см тешик аркылуу эле жасалат - ред.) урология боюнча мастер-класстар өтүлдү. Аны россиялык уролог-хирург, РФтеги лапароскопиялык мектептин негиздөөчүсү Эдуард Галлямов өткөргөн.
"Мастер-класстар лапароскопия жаатында билимин, тажрыйбасын өнүктүрүүнү каалаган бардык урологдор үчүн пайдалуу болду. Ага иштеп жаткан урологдор, жогорку окуу жайда билим алып жаткан жаштар да чакырылган", — деди Рысбаев.
29-августта Эдуард Галлямов баштаган топ лапароскопиялык простатэктомия, лапароскопиялык нефроэктомия жана лапароскопиялык миомаэктомия боюнча операцияларды ийгиликтүү жасаган. Бүгүн, 30-августта, дагы эки операция акысыз жасалат.
"Мастер-класста көрсөтүлгөн лапароскопиялык операциянын жаңы ыкмасы жергиликтүү урологдор үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду. Тажрыйбабызды эми практикада колдонобуз", — деди Рысбаев.