00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматына катуу эскертүү бергенин президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал жазгандай, министрлик мындай чечимге аталган медианын мамлекет башчы Садыр Жапаровго шайлоо өнөктүгү учурунда маркум Евгений Пригожиндин жакын адамдары жардам берген деген чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатуусунан улам келген. "Эгерде бул материал "Азаттыктын" Кыргызстандын жогорку жетекчилигин атайын каралоого багытталган редакциялык саясатынын бир бөлүгү болсо, анда күн тартибине ушундай медиа бизге керекпи деген маселе чыгышы мүмкүн", — деп жазган Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына. Алагөзов дүйнөлүк аудиториясы бар "Азаттык" радиосунун ушак-айың деңгээлиндеги маалыматтарды жайылтуусун өкүнүү менен белгилеп, бул ал жакта эмгектенген кызматкерлердин кесипкөйлүгүнө көлөкө түшүрөт деп эсептээрин жазган.
Акыркы маалыматтарга караганда, жыл ичинде зордук-зомбулук боюнча 11 миңге жакын арыз келип түшкөн. Бул тууралуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында зордук-зомбулукка кабылгандар алгач укук коргоо органдарына арызданып, андан жыйынтык чыкпаганда гана омбудсменге кайрылышат.Мунун менен катар ал, акыркы кезде Акыйкатчы институтунун коомдогу орду, иши бир топ жогорулаганы байкалганын белгиледи.Ал Омбудсмен институтунун адам укуктары тууралуу сунушуна, катына тийиштүү жооп бербеген мамлекеттик органдарды жылдык баяндамага да жазышарын кошумчалады.
Sputnik агенттигине окурмандар кайрылып, бир жума мурда бир килограмм эттин баасы 530 сом болсо, азыр сулп эт 700 сомго чейин жетип жатканын кабарлашты. Базардагы сатуучулар мындай көрүнүш Өзбекстанга экспорт күчөгөндүктөн болуп жатканы менен түшүндүрүштү. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эт кымбаттаганын тастыктады. Ага ылайык азыр уйдун эти 547 сом болууда, ал эми былтыр 510 сомду түзгөн. Бул 5,2 пайызга кымбаттаганын билдирет. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы баанын көтөрүлүшүнө бир нече себептерди атады. Ага ылайык, бордоп семиртилген малдын аз болушу, башка продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон баанын өсүшү, элдин кирешесинин көбөйгөндүгү баанын көтөрүлүшүнө себеп болгон. "Учурда эттин баасын мамлекеттик жөнгө салууга эч кандай негиз жок", — деп айтылат маалыматта. Ал эми Айыл чарба министрлиги баанын олуттуу өсүшү күтүлбостүгүн жана кооптонууга негиз жок экендигин билдирди.
Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Маккол мамлекеттик катчы Энтони Блинкенди АКШ аскерлеринин Афганстандан чыгарылып кетиши боюнча көрсөтмө берүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме кылып жазды. Телеканал Блинкен мурдараак комитеттин алдына баруудан баш тартканын кошумчалаган. Блинкен 19-сентябрда комитетке барышы керек, болбосо мыйзамчылар аны Конгрессти сыйлабайт деп күнөөлөшү мүмкүн. Мамлекеттик департаменттен Блинкендин башка иштери болгондуктан аталган күн ылайыксыз болорун айтышып, башка учурду сунушташкан. 2021-жылдын 31-августунда америкалык аскерлер Кабул аба майданынан чыгып кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0