https://sputnik.kg/20240913/1088680587.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Элдар Алишеров Евразиялык экономикалык комиссиянын интеграция жана макроэкономика министри болуп дайындалды. Мындай чечимди Жогорку евразиялык экономикалык... 13.09.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-09-13T17:00+0600
2024-09-13T17:00+0600
2024-09-13T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/09/0d/1088680455_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e8154c006925dd2867c05ff1daeb0d70.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Элдар Алишеров Евразиялык экономикалык комиссиянын интеграция жана макроэкономика министри болуп дайындалды. Мындай чечимди Жогорку евразиялык экономикалык кеңеш 11-сентябрда кабыл алган. Элдар Алишеров акыркы бир жарым жылда Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп иштеп келген. Мындан тышкары, 2022-жылдан бери президенттик администрациянын Евразиялык экономикалык биримдиктин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. Ага чейин төрт жылга чукул экономика министринин орун басары кызматын аркалаган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Эске салсак, кечээ, 12-сентябрда, Жогорку Кеңештен кишини УКМКнын спецназы кармаганы боюнча маалымат тарап, кармалган жаран "Альянс" фракциясынан депутат Гүлкан Молдобекованын жардамчысы экени айтылган. Атайын кызмат аталган адам депутаттын кеңешчиси экенин тастыктап, ал алдамчылыкка жана расмий документтерди жасалмалоого шектелип жатканын кабарлады. "Мындан тышкары, кармалган жаран ортомчулук кызмат көрсөтүп, ар кандай маселелерди чечкени үчүн президенттин атын жамынып, алдамчылык менен элден ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алып турган", — деп жазылат маалыматта. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыктоочу мелдештериндеги ат чабышта жорго салышта Кыргызстандын тулпары, аламан байгеде Казакстандын аргымагы биринчи келди. 9 чакырым аралыктагы жорго салышта кыргызстандык Жакыпбек Карыпбековдун Чиксон Лок деген жылкысы алдына эч кимди салган жок. Аны Чубак Жайлообек уулу чапты. Ал эми 2-орунду казакстандык Кымбат Тилегали уулунун Акжаан жоргосун чапкан Ербулан Тилегали уулу ээледи. Ошондой эле дагы бир кыргыз жорго Императрицаны Нурэл Иранов чапты. Үчүнчү орунда келген бул тулпардын ээси Өмүрбек Бабанов экени айтылды. Ал эми 25 чакырымдык аламанда кыргыздын Каракыз күлүгү үчүнчү болуп марага келди. Биринчи болуп казакстандын Айкабак аргымагы келсе, Жумуртуяк экинчи болду.
Америка "Түндүк агым — 2" газ куурунун жардырыларын билип, бирок аны токтоткон эмес. Бул туурасында Польшанын Тышкы иштер министри Радослав Сикорский пранкерлер менен сүйлөшүп жатканда айтып берип койгон. Видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады Пранкчылар Владимир Кузнецов менен Алексей Столяров аны тамашага салган. Министр Украинанын мурдагы президенти Порошенко менен сүйлөшүп жатам деп ойлогон. "Польша буга мындайча мамиле кылабыз: аны ким жасаса да жакшы иш кылган. Америкалыктар бул туурасында эрте эле билип, бирок аны токтотпой койгонунан эми биздин кабарыбыз бар", — деген ал. Россиядан Европага газ ташылган "Түндүк агым" газ түтүктөрүндөгү жарылуу 2022-жылдын 26-сентябрында болгон. 2023-жылдын мартында Батыштын ЖМКларында диверсияны "Украинага ыктаган топ" жасаганы айтыла баштаган.
Элдар Алишеров Евразиялык экономикалык комиссиянын интеграция жана макроэкономика министри болуп дайындалды. Мындай чечимди Жогорку евразиялык экономикалык кеңеш 11-сентябрда кабыл алган. Элдар Алишеров акыркы бир жарым жылда Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп иштеп келген. Мындан тышкары, 2022-жылдан бери президенттик администрациянын Евразиялык экономикалык биримдиктин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. Ага чейин төрт жылга чукул экономика министринин орун басары кызматын аркалаган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Эске салсак, кечээ, 12-сентябрда, Жогорку Кеңештен кишини УКМКнын спецназы кармаганы боюнча маалымат тарап, кармалган жаран "Альянс" фракциясынан депутат Гүлкан Молдобекованын жардамчысы экени айтылган. Атайын кызмат аталган адам депутаттын кеңешчиси экенин тастыктап, ал алдамчылыкка жана расмий документтерди жасалмалоого шектелип жатканын кабарлады. "Мындан тышкары, кармалган жаран ортомчулук кызмат көрсөтүп, ар кандай маселелерди чечкени үчүн президенттин атын жамынып, алдамчылык менен элден ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алып турган", — деп жазылат маалыматта. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыктоочу мелдештериндеги ат чабышта жорго салышта Кыргызстандын тулпары, аламан байгеде Казакстандын аргымагы биринчи келди. 9 чакырым аралыктагы жорго салышта кыргызстандык Жакыпбек Карыпбековдун Чиксон Лок деген жылкысы алдына эч кимди салган жок. Аны Чубак Жайлообек уулу чапты. Ал эми 2-орунду казакстандык Кымбат Тилегали уулунун Акжаан жоргосун чапкан Ербулан Тилегали уулу ээледи. Ошондой эле дагы бир кыргыз жорго Императрицаны Нурэл Иранов чапты. Үчүнчү орунда келген бул тулпардын ээси Өмүрбек Бабанов экени айтылды. Ал эми 25 чакырымдык аламанда кыргыздын Каракыз күлүгү үчүнчү болуп марага келди. Биринчи болуп казакстандын Айкабак аргымагы келсе, Жумуртуяк экинчи болду. Америка "Түндүк агым — 2" газ куурунун жардырыларын билип, бирок аны токтоткон эмес. Бул туурасында Польшанын Тышкы иштер министри Радослав Сикорский пранкерлер менен сүйлөшүп жатканда айтып берип койгон. Видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады Пранкчылар Владимир Кузнецов менен Алексей Столяров аны тамашага салган. Министр Украинанын мурдагы президенти Порошенко менен сүйлөшүп жатам деп ойлогон. "Польша буга мындайча мамиле кылабыз: аны ким жасаса да жакшы иш кылган. Америкалыктар бул туурасында эрте эле билип, бирок аны токтотпой койгонунан эми биздин кабарыбыз бар", — деген ал. Россиядан Европага газ ташылган "Түндүк агым" газ түтүктөрүндөгү жарылуу 2022-жылдын 26-сентябрында болгон. 2023-жылдын мартында Батыштын ЖМКларында диверсияны "Украинага ыктаган топ" жасаганы айтыла баштаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/0d/1088680455_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_587f8121ca4e9f2130120d2ff2170a3c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио