https://sputnik.kg/20240915/1088717440.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Оңдоп – түзөөдөн өтүп жаткан борбордук "Ала-Тоо" аянтынын расмий ачылышы 21-сентябрда өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык... 15.09.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-09-15T13:00+0600
2024-09-15T13:00+0600
2024-09-15T14:00+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/09/0f/1088717308_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9a6748fa8c448b80f3f8547a4297a570.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Оңдоп – түзөөдөн өтүп жаткан борбордук "Ала-Тоо" аянтынын расмий ачылышы 21-сентябрда өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, "Ала-Тоо" аянтынын расмий ачылышынын алкагында ал күнү Бишкек шаарынын тургундары жана калаанын коноктору үчүн саат 18:00дө акысыз концерт уюштурулат. Ошондой эле маалыматта Кыргызстанда алгачкы жолу, жаңы бийлеген от фонтандарынын ачылышы болору кабарланды. Эске салсак, "Ала-Тоо" аянтында апрель айынан бери оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук курун кайтарып алды. Ал бүгүн, 15-сентябрда, Америка кошмо штатарынын Лас-Вегаста өткөн беттешинде мексикалык атаандашы Алекса Гроссону утту. Беттештин жүрүшүндө Шевченко үстөмдүк кылды. Төртүнчү раундда эки ирет муунтуу ыкмасынан чыгып кете алды. Мушкер кыздар үчүнчү ирет октагонго чыгышты. Биринчи кармашта Гроссо жеңишке жетип, чемпиондук титулду Шевченкодон тартып алган. Экинчисинде экөө тең чыгып, мексикалык спортчу чемпиондук титулун сактап калган болчу. Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук курун кайтарып алган соң мекенине салам жолдоду. “Күнөстүү Кыргызстаныма салам жолдойм. Буюрса, жакында көрүшөбүз”, - деди Шевченко өз сөзүндө. Ал ар бир күйөрманына ыраазычылыгын билдирди.
Кримтөбөл «Женго» каймана аты бар Кадыр Досонов менен тыгыз байланышта болгон 54 жаштагы адам кармалганын УКМК кабарлады. Маалыматка ылайык, кармалган адам Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлеринен кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз тартып алганы аныкталган. Ал физикалык зомбулук жана өмүрүнөн ажыратуу менен коркутуп, Кара-Суу районунун Шарк айылында жайгашкан «Пахта заводун», Кашкар-Кыштак айылындагы «Трактордук гаражды», май чыгаруучу цехти жана теплицаны мыйзамсыз ээлеп алган. Жашаган жерин тинтүү учурунда 2 даана ок атуучу курал, бычактар, ИИМдин кызматкеринин өздүк күбөлүгү, ошондой эле аталган өндүрүш объектилерине тиешелүү документтер табылган. Кармалган адам Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Москва Вашингтонду Россия менен Ирандын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташууга кийлигишпөөгө чакырат. Бул тууралуу РоссиянынТышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков айтканын РИА Новости жазды. Алар мындай алака эч кандай эл аралык милдеттенмелерди бузбастыгын айтышты. "Биздин мамилелер убакыт менен сыналган. Анда эл аралык милдеттенмелер жаатынан алганда, кандайдыр бир милдеттенмелерди бузбайт жана эч кимдин коопсуздугуна же аймактык тең салмактуулукка терс таасирин тийгизген элементтер жок", — деди Рябков. "Аскердик-техникалык кызматташтык да бар. Аны эч ким танган жок. Бирок ал АКШнын иши эмес жана алар бирөөнүн маселесине мурдун тыкпай өз иши менен алектениши керек", — деп айтылат маалыматта. Анын айтымында, Россия менен Ирандын кызматташтыгы саясат, экономика жана транспорт тармагында өтө кеңири.
Оңдоп – түзөөдөн өтүп жаткан борбордук "Ала-Тоо" аянтынын расмий ачылышы 21-сентябрда өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, "Ала-Тоо" аянтынын расмий ачылышынын алкагында ал күнү Бишкек шаарынын тургундары жана калаанын коноктору үчүн саат 18:00дө акысыз концерт уюштурулат. Ошондой эле маалыматта Кыргызстанда алгачкы жолу, жаңы бийлеген от фонтандарынын ачылышы болору кабарланды. Эске салсак, "Ала-Тоо" аянтында апрель айынан бери оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук курун кайтарып алды. Ал бүгүн, 15-сентябрда, Америка кошмо штатарынын Лас-Вегаста өткөн беттешинде мексикалык атаандашы Алекса Гроссону утту. Беттештин жүрүшүндө Шевченко үстөмдүк кылды. Төртүнчү раундда эки ирет муунтуу ыкмасынан чыгып кете алды. Мушкер кыздар үчүнчү ирет октагонго чыгышты. Биринчи кармашта Гроссо жеңишке жетип, чемпиондук титулду Шевченкодон тартып алган. Экинчисинде экөө тең чыгып, мексикалык спортчу чемпиондук титулун сактап калган болчу. Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук курун кайтарып алган соң мекенине салам жолдоду. “Күнөстүү Кыргызстаныма салам жолдойм. Буюрса, жакында көрүшөбүз”, - деди Шевченко өз сөзүндө. Ал ар бир күйөрманына ыраазычылыгын билдирди. Кримтөбөл «Женго» каймана аты бар Кадыр Досонов менен тыгыз байланышта болгон 54 жаштагы адам кармалганын УКМК кабарлады. Маалыматка ылайык, кармалган адам Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлеринен кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз тартып алганы аныкталган. Ал физикалык зомбулук жана өмүрүнөн ажыратуу менен коркутуп, Кара-Суу районунун Шарк айылында жайгашкан «Пахта заводун», Кашкар-Кыштак айылындагы «Трактордук гаражды», май чыгаруучу цехти жана теплицаны мыйзамсыз ээлеп алган. Жашаган жерин тинтүү учурунда 2 даана ок атуучу курал, бычактар, ИИМдин кызматкеринин өздүк күбөлүгү, ошондой эле аталган өндүрүш объектилерине тиешелүү документтер табылган. Кармалган адам Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды. Москва Вашингтонду Россия менен Ирандын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташууга кийлигишпөөгө чакырат. Бул тууралуу РоссиянынТышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков айтканын РИА Новости жазды. Алар мындай алака эч кандай эл аралык милдеттенмелерди бузбастыгын айтышты. "Биздин мамилелер убакыт менен сыналган. Анда эл аралык милдеттенмелер жаатынан алганда, кандайдыр бир милдеттенмелерди бузбайт жана эч кимдин коопсуздугуна же аймактык тең салмактуулукка терс таасирин тийгизген элементтер жок", — деди Рябков. "Аскердик-техникалык кызматташтык да бар. Аны эч ким танган жок. Бирок ал АКШнын иши эмес жана алар бирөөнүн маселесине мурдун тыкпай өз иши менен алектениши керек", — деп айтылат маалыматта. Анын айтымында, Россия менен Ирандын кызматташтыгы саясат, экономика жана транспорт тармагында өтө кеңири.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/0f/1088717308_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7381452cd97dee65df27edea241c4834.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио