https://sputnik.kg/20240927/1089054934.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы: жалаа жабууга салынчу айып пул негизсиз жогорулатылганБУУда Ливандын соңку мууну апаатка кабылганын айтыштыРосатом" өлкөдө 1,5 миллиард долларлык... 27.09.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-09-27T17:00+0600
2024-09-27T17:00+0600
2024-09-27T17:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/09/1b/1089054802_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bdf04d979750006ec8290436028a3090.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы: жалаа жабууга салынчу айып пул негизсиз жогорулатылганБУУда Ливандын соңку мууну апаатка кабылганын айтыштыРосатом" өлкөдө 1,5 миллиард долларлык долбоорлорду ишке ашырууну пландоодоалдыда кененирээкУКМК менен Эсеп палатасы "Кыргыз фармация" ишканасы текшерилгенин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңеште билдирди. Буга чейин депутат Элдар Абакиров дары-дармектин баасы 40 пайызга чейин кымбаттаганын айткан. Бейшеналиев мамлекеттик ишкана жергиликтүү дары-дармек чыгаруучулар менен келишим түзүп, аларга жеңилдиктер каралганын айтты. "Биз дары-дармекти жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алчубуз. УКМК менен Эсеп палатасы текшергенде дары-дармекти жергиликтүү фармацевтикалык ишканалардан келишим менен сатып алуубузду айткан. Бирок чет өлкөдөн 9 сомдон келчү дарылар жергиликтүү өндүрүшчүлөрдө 27 сомдон сатылат. Бул боюнча текшерүүдөн кийин президентке маалымат бердим. Эгерде чет элдик өндүрүүчүлөрдөн дары-дармек сатып алсак 73 миллион сом үнөмдөлөт, ал эми медициналык жабдууларды сатып алуудан 47 миллион сом үнөмдөлөт", — деди Бейшеналиев. Министр жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн гана дары-дармек сатып алуу буйругу чыккандан кийин баа 40-50 пайызга көтөрүлгөнүн кошумчалады.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабуу жана мазактоого айып салууну сунуштаган мыйзам долбоорун кайра кайтарып алууга чакырды. Белгилей кетсек, 25-июлда Жогорку Кеңешке киргизилген долбоордо жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салуу сунушталган. "Айып пулдардын өлчөмү негизсиз жогорулатылган. Анүстүнө укук бузууга белгиленген жаза кылмыштын жазасынан бир топко төмөн болушу керек. Ал эми жалаа жабуу жана мазактоо кылмыш эмес. Мыйзам долбоорунда жоопко Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эмес, сот тарабынан тартылышы керектиги эске алынышы керек", — деген Жаманбаева. Акыйкатчы мыйзам долбоорунун демилгечилерин карама-каршылыктарды жоюуга жана жарандардын конституциялык укуктарын сактоону камсыз кылууга, эл аралык укуктук нормалардын сакталышына каршы келген жоболорду долбоордон алып салууга чакырды.
"Росатом" Кыргызстанда 1,5 миллиард долларлык долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо. Бул тууралуу "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын республикадагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов билдирди.Айтымында, жакында Ысык-Көл облусунда 100 мегаватт кубаттуулуктагы шамал электр станциясын куруу үчүн капсула салынды. "Бул 110 миллион долларга бааланган шамал электр станциясы 2025-жылы курулуп, объект толугу менен ишке киргизилет", — деди Константинов. Кайра жаралуучу булактардан 1 гигаватт энергия алуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Энергетика министрлиги менен келишимдерге кол коюлганы айтылды. Кеп 400 мегаваттык ГЭСтерди ишке ашыруу боюнча бир миллиард долларга жакын инвестиция жөнүндө болуп жатат. Бул — болжол менен 400-450 миллион доллар.
Августтун соңуна карата банктардагы насыянын көлөмү 294 миллиард 956,1 миллион сомду түзгөнү Улуттук банктын маалыматында айтылат. Бул рекорддук көрсөткүч, мурдагы 287 миллиард сом чегиндеги максимум июлдун этегинде катталган. Насыялардын көлөмү өсүп жатат, мисалы, өткөн жылдын август айынын аягында ал 240 миллиард сомдон бир аз гана ашкан.
Ливандагы азыркы кырдаал өлкөнүн соңку муунундагы эң коркунучтуу мезгил болуп калды, дары-дармек дээрлик түгөндү. Бул туурасында БУУнун гуманитардык жардам башкармалыгынын Ливандагы координатору Имран Разанын айтканын РИА Новости жазды. "Биз Ливандагы соңку муундун эң коркунучтуу учуруна күбө болуп жатабыз, көптөр бул башталышы гана экенин айтышууда. Өткөн аптадагы окуялар, анын ичинде байланыш каражаттарынын жардырылышы дары-дармектин түгөнүшүнө алып келди. Кырдаалдын курчушу жана ооруканалардын жарадарларга толуп кетишине байланыштуу саламаттык сактоо системасы ресурстардын чектелиши менен күрөшүп жатат. Муну алар муктаждыктын кескин өсүп кетишине жол бербөө үчүн жасашууда", — деди ал.Соңку маалыматтарга таянсак, Ливан бийлиги былтыркы жылдын октябрынан тарта Израилдин бомбалоосунан 1 540 киши каза таап, анын ичинен 700ү өткөн аптада көз жумганын билдирди. Ал эми жарадар алган жай жарандардын саны 5000ден ашты.
Акыйкатчы: жалаа жабууга салынчу айып пул негизсиз жогорулатылганБУУда Ливандын соңку мууну апаатка кабылганын айтыштыРосатом" өлкөдө 1,5 миллиард долларлык долбоорлорду ишке ашырууну пландоодоалдыда кененирээкУКМК менен Эсеп палатасы "Кыргыз фармация" ишканасы текшерилгенин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңеште билдирди. Буга чейин депутат Элдар Абакиров дары-дармектин баасы 40 пайызга чейин кымбаттаганын айткан. Бейшеналиев мамлекеттик ишкана жергиликтүү дары-дармек чыгаруучулар менен келишим түзүп, аларга жеңилдиктер каралганын айтты. "Биз дары-дармекти жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алчубуз. УКМК менен Эсеп палатасы текшергенде дары-дармекти жергиликтүү фармацевтикалык ишканалардан келишим менен сатып алуубузду айткан. Бирок чет өлкөдөн 9 сомдон келчү дарылар жергиликтүү өндүрүшчүлөрдө 27 сомдон сатылат. Бул боюнча текшерүүдөн кийин президентке маалымат бердим. Эгерде чет элдик өндүрүүчүлөрдөн дары-дармек сатып алсак 73 миллион сом үнөмдөлөт, ал эми медициналык жабдууларды сатып алуудан 47 миллион сом үнөмдөлөт", — деди Бейшеналиев. Министр жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн гана дары-дармек сатып алуу буйругу чыккандан кийин баа 40-50 пайызга көтөрүлгөнүн кошумчалады.Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабуу жана мазактоого айып салууну сунуштаган мыйзам долбоорун кайра кайтарып алууга чакырды. Белгилей кетсек, 25-июлда Жогорку Кеңешке киргизилген долбоордо жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салуу сунушталган. "Айып пулдардын өлчөмү негизсиз жогорулатылган. Анүстүнө укук бузууга белгиленген жаза кылмыштын жазасынан бир топко төмөн болушу керек. Ал эми жалаа жабуу жана мазактоо кылмыш эмес. Мыйзам долбоорунда жоопко Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эмес, сот тарабынан тартылышы керектиги эске алынышы керек", — деген Жаманбаева. Акыйкатчы мыйзам долбоорунун демилгечилерин карама-каршылыктарды жоюуга жана жарандардын конституциялык укуктарын сактоону камсыз кылууга, эл аралык укуктук нормалардын сакталышына каршы келген жоболорду долбоордон алып салууга чакырды."Росатом" Кыргызстанда 1,5 миллиард долларлык долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо. Бул тууралуу "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын республикадагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов билдирди.Айтымында, жакында Ысык-Көл облусунда 100 мегаватт кубаттуулуктагы шамал электр станциясын куруу үчүн капсула салынды. "Бул 110 миллион долларга бааланган шамал электр станциясы 2025-жылы курулуп, объект толугу менен ишке киргизилет", — деди Константинов. Кайра жаралуучу булактардан 1 гигаватт энергия алуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Энергетика министрлиги менен келишимдерге кол коюлганы айтылды. Кеп 400 мегаваттык ГЭСтерди ишке ашыруу боюнча бир миллиард долларга жакын инвестиция жөнүндө болуп жатат. Бул — болжол менен 400-450 миллион доллар.Августтун соңуна карата банктардагы насыянын көлөмү 294 миллиард 956,1 миллион сомду түзгөнү Улуттук банктын маалыматында айтылат. Бул рекорддук көрсөткүч, мурдагы 287 миллиард сом чегиндеги максимум июлдун этегинде катталган. Насыялардын көлөмү өсүп жатат, мисалы, өткөн жылдын август айынын аягында ал 240 миллиард сомдон бир аз гана ашкан.Ливандагы азыркы кырдаал өлкөнүн соңку муунундагы эң коркунучтуу мезгил болуп калды, дары-дармек дээрлик түгөндү. Бул туурасында БУУнун гуманитардык жардам башкармалыгынын Ливандагы координатору Имран Разанын айтканын РИА Новости жазды. "Биз Ливандагы соңку муундун эң коркунучтуу учуруна күбө болуп жатабыз, көптөр бул башталышы гана экенин айтышууда. Өткөн аптадагы окуялар, анын ичинде байланыш каражаттарынын жардырылышы дары-дармектин түгөнүшүнө алып келди. Кырдаалдын курчушу жана ооруканалардын жарадарларга толуп кетишине байланыштуу саламаттык сактоо системасы ресурстардын чектелиши менен күрөшүп жатат. Муну алар муктаждыктын кескин өсүп кетишине жол бербөө үчүн жасашууда", — деди ал.Соңку маалыматтарга таянсак, Ливан бийлиги былтыркы жылдын октябрынан тарта Израилдин бомбалоосунан 1 540 киши каза таап, анын ичинен 700ү өткөн аптада көз жумганын билдирди. Ал эми жарадар алган жай жарандардын саны 5000ден ашты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/1b/1089054802_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_af5e2f763a33f91353331fa85f98a112.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио