https://sputnik.kg/20240930/83-zhyl-ilgeri-moskva-uchun-salgylashuu-bashtalgan-1089124521.html
83 жыл илгери дал ушул күнү Москва үчүн салгылашуу башталган. Видео
83 жыл илгери дал ушул күнү Москва үчүн салгылашуу башталган. Видео
Sputnik Кыргызстан
Гитлердик күчтөр "Тайфун" операциясы менен койгон максатына жеткен эмес. 30.09.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-09-30T20:03+0600
2024-09-30T20:03+0600
2024-10-01T09:44+0600
москва
улуу ата мекендик согуш
кызыл армия
немецтер
"тайфун" операциясы
видео
https://sputnik.kg/img/07e8/09/1e/1089125796_0:214:2880:1834_1920x0_80_0_0_d63ae634ccebdb145173da4b8b02c1ea.jpg
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 1941-жылы 30-сентябрда тарыхта калган окуя — Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Москва үчүн салгылашуу башталган.Sputnik Ближнее зарубежье бул тарыхый видеону жарыялады.Немецтердин Москваны басып алуу аракеттери СССР үчүн чечүүчү учур болгон.Согуштун башталышы, сентябрдын аягына карата немецтердин аскердик күчү совет армиясына караганда кыйла артыкчылыкка ээ болгон. Аларда 2 миллион аскер болсо, советтик аскерлерде 1,2 миллион эле. Аскердик техника боюнча да душмандар үстөмдүк кылган.Немецтер үчүн биринчи жана эң маанилүү ката Тула шаарын басып алууга жасалган аракеттер болгон. Баатыр шаар чабуулдун мизин эки ирет ийгиликтүү кайтарып, Москва үчүн коргонуунун жүрүшүндө каршылаштардын түштүк флангын коркунучта кармап турган. Бул немецтерге Москваны акыркы ирет басып алуу үчүн күчтөрүн топтоого тоскоол болду.Экинчи катачылык – фашисттер Москванын фронтко жакындашы менен шаар дүрбөлөңгө түшөт жана башаламандык болот деп ишенишкен. Бирок Москва толук даярдыкта болуп, коргонууга камдуу турган.Жыйынтыгында фашисттер Москвадан 25 чакырым аралыкта токтотулган. 5-декабрда Кызыл Армия контрчабуул баштап, ал эми 8-декабрда Берлинден немец армиясына фронттун бардык аймагында коргонууга өтүү буйругу берилет.Ошентип, гитлердик күчтөрдүн "Тайфун" операциясы ийгиликсиз болуп калган.
https://sputnik.kg/20240722/uluu-ata-mekendik-sogushtun-22-iyulu-1087262937.html
москва
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/1e/1089125796_75:0:2806:2048_1920x0_80_0_0_dbf689f304655fcb4338c8871a38bb57.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
москва, улуу ата мекендик согуш, кызыл армия, немецтер, "тайфун" операциясы, видео
москва, улуу ата мекендик согуш, кызыл армия, немецтер, "тайфун" операциясы, видео
83 жыл илгери дал ушул күнү Москва үчүн салгылашуу башталган. Видео
20:03 30.09.2024 (Жаңыртылды: 09:44 01.10.2024) Гитлердик күчтөр "Тайфун" операциясы менен койгон максатына жеткен эмес.
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 1941-жылы 30-сентябрда тарыхта калган окуя — Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Москва үчүн салгылашуу башталган.
Sputnik Ближнее зарубежье бул тарыхый видеону жарыялады.
Немецтердин Москваны басып алуу аракеттери СССР үчүн чечүүчү учур болгон.
Согуштун башталышы, сентябрдын аягына карата немецтердин аскердик күчү совет армиясына караганда кыйла артыкчылыкка ээ болгон. Аларда 2 миллион аскер болсо, советтик аскерлерде 1,2 миллион эле. Аскердик техника боюнча да душмандар үстөмдүк кылган.
Немецтер үчүн биринчи жана эң маанилүү ката Тула шаарын басып алууга жасалган аракеттер болгон. Баатыр шаар чабуулдун мизин эки ирет ийгиликтүү кайтарып, Москва үчүн коргонуунун жүрүшүндө каршылаштардын түштүк флангын коркунучта кармап турган. Бул немецтерге Москваны акыркы ирет басып алуу үчүн күчтөрүн топтоого тоскоол болду.
Экинчи катачылык – фашисттер Москванын фронтко жакындашы менен шаар дүрбөлөңгө түшөт жана башаламандык болот деп ишенишкен. Бирок Москва толук даярдыкта болуп, коргонууга камдуу турган.
Жыйынтыгында фашисттер Москвадан 25 чакырым аралыкта токтотулган. 5-декабрда Кызыл Армия контрчабуул баштап, ал эми 8-декабрда Берлинден немец армиясына фронттун бардык аймагында коргонууга өтүү буйругу берилет.
Ошентип, гитлердик күчтөрдүн "Тайфун" операциясы ийгиликсиз болуп калган.