https://sputnik.kg/20241004/kooperaciyalyk-dolboorlor-eaehbdin-zhetishkendigi-1089236153.html
Министрдин орун басары: кооперациялык долбоорлор — ЕАЭБдин чоң жетишкендиги
Министрдин орун басары: кооперациялык долбоорлор — ЕАЭБдин чоң жетишкендиги
Sputnik Кыргызстан
Кооперациялык долбоорлорду түзүү маселелери 2022-жылы, Кыргызстан ЕАЭБге төрагалык кылган учурда, алдыга жылган. 04.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-04T18:54+0600
2024-10-04T18:54+0600
2024-10-04T19:06+0600
пресс-борбор
кыргызстан
экономика
еаэб
кооперация
долбоор
назарбек малаев
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/04/1089234448_0:160:3067:1885_1920x0_80_0_0_837ea0b5346e6b503f3f976d26a45b0e.jpg
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кооперациялык долбоорлор — Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) эң чоң жетишкендиги. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда Евразиялык экономикалык форумдун жыйынтыгы менен өткөн видеокөпүрө учурунда билдирди.Анын айтымында, 10 жыл ичинде ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин кооперациясы башталган жаңы деңгээлге чыкты.Ал экономиканын ар секторундагы тармактардын кооперациясы интеграциялык процесстерди жакшыртарын белгиледи."Кооперация жүрүп, биргелешкен өндүрүштүн активдешүүсү — бул импортту алмаштыруу жана товар жеткирүүгө байланышкан маселелердин реалдуу чечилишине өтүү. Бүгүнкү күндөгү талуу маселелердин баары жолго коюлат. Кыргызстан келечекте бюджеттин, бажы алымдарынын эсебинен кооперациялык долбоорлорду каржылоону карап жатат. Мындан тышкары, экономиканын багыттарын кеңейтүүгө көңүл буруп жатабыз, бул — биринчи кезекте агроөнөр жай комплекси", — деди министрдин орун басары.
https://sputnik.kg/20241001/eaehb-ehkonomikalyk-borbor-1089154283.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/04/1089234448_265:0:2994:2047_1920x0_80_0_0_9313e2f356239aa634cee14bcdb28430.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, еаэб, кооперация, долбоор, назарбек малаев
кыргызстан, экономика, еаэб, кооперация, долбоор, назарбек малаев
Министрдин орун басары: кооперациялык долбоорлор — ЕАЭБдин чоң жетишкендиги
18:54 04.10.2024 (Жаңыртылды: 19:06 04.10.2024) Кооперациялык долбоорлорду түзүү маселелери 2022-жылы, Кыргызстан ЕАЭБге төрагалык кылган учурда, алдыга жылган.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кооперациялык долбоорлор — Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) эң чоң жетишкендиги. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев
Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда Евразиялык экономикалык форумдун жыйынтыгы менен өткөн видеокөпүрө учурунда билдирди.
Анын айтымында, 10 жыл ичинде ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин кооперациясы башталган жаңы деңгээлге чыкты.
"Кооперация маселелери дайым талкууланып келген, бирок реалдуу саясий чечим жок эле. 2022-жылы, Кыргызстан биримдиктин органдарында төрагалык кылган учурда, бул маселелер активдүү көтөрүлдү, ишти президенттердин деңгээлинде баштоо чечими кабыл алынган, кооперациялык долбоорлорду каржылоо жаатындагы документтерге өзгөртүүлөр киргизилди", — деди Малаев.
Ал экономиканын ар секторундагы тармактардын кооперациясы интеграциялык процесстерди жакшыртарын белгиледи.
"Кооперация жүрүп, биргелешкен өндүрүштүн активдешүүсү — бул импортту алмаштыруу жана товар жеткирүүгө байланышкан маселелердин реалдуу чечилишине өтүү. Бүгүнкү күндөгү талуу маселелердин баары жолго коюлат. Кыргызстан келечекте бюджеттин, бажы алымдарынын эсебинен кооперациялык долбоорлорду каржылоону карап жатат. Мындан тышкары, экономиканын багыттарын кеңейтүүгө көңүл буруп жатабыз, бул — биринчи кезекте агроөнөр жай комплекси", — деди министрдин орун басары.