https://sputnik.kg/20241004/sadyr-zhaparov-rim-papa-zholuktu-1089229255.html
Президент Садыр Жапаров Рим папасы менен жолукту
Президент Садыр Жапаров Рим папасы менен жолукту
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Ватиканда Рим папасы Франциск менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын... 04.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-04T15:48+0600
2024-10-04T15:48+0600
2024-10-04T15:48+0600
садыр жапаров
рим папасы франциск
айгүл жапарова
ватикан
италия
рим
сүрөт
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/04/1089229471_0:223:3071:1950_1920x0_80_0_0_30003931dc8748f6683dc26ae51e8992.jpg
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Ватиканда Рим папасы Франциск менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.Жапаров Рим папасы Францисктин дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында чыр-чатактарды чечүүгө жана адилеттүүлүктү орнотууга кошкон жеке салымын айтып өттү. Ошондой эле өлкө башчы Кыргызстан ондогон этникалык топтордун өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашаган светтик көп улуттуу мамлекет экенин белгиледи.Ал эми Рим папасы Кыргызстандын көп улуттуу жана көп конфессиялуу коомду колдоо аракетин жогору баалап, бул баалуулуктарды сактоо маанилүү экенин белгилеген.Баарлашуунун соңунда Садыр Жапаров Рим папасын Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
https://sputnik.kg/20241004/rimde-kyrgyzstan-parky-achyldy-1089214537.html
ватикан
италия
рим
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/04/1089229471_342:0:3071:2047_1920x0_80_0_0_0e61b76f8dc15043f28051b1e7b7f269.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
садыр жапаров, рим папасы франциск, айгүл жапарова, ватикан, италия, рим, сүрөт, кыргызстан
садыр жапаров, рим папасы франциск, айгүл жапарова, ватикан, италия, рим, сүрөт, кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Рим папасы менен жолукту
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Ватиканда Рим папасы Франциск менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров Рим папасы Францисктин дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында чыр-чатактарды чечүүгө жана адилеттүүлүктү орнотууга кошкон жеке салымын айтып өттү. Ошондой эле өлкө башчы Кыргызстан ондогон этникалык топтордун өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашаган светтик көп улуттуу мамлекет экенин белгиледи.
"Өлкөнүн бардык диний жамааттары биздин коомдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана анын өнүгүшүндө маанилүү ролду ойнойт", — деген президент.
Ал эми Рим папасы Кыргызстандын көп улуттуу жана көп конфессиялуу коомду колдоо аракетин жогору баалап, бул баалуулуктарды сактоо маанилүү экенин белгилеген.
Баарлашуунун соңунда Садыр Жапаров Рим папасын Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.