00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Папан чакан ГЭСинин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.Минкаб башчысы ГЭСтин кубаттуулугу 25 МВт экенин, жылына орточо 103 млн кВт/саат электр энергияны өндүрө турганын айтты. Инвестициянын суммасы 27 млн доллар. "Папан суу сактагычына чакан ГЭСти куруу өлкөбүздү энергетикалык көз карандылыкты алдын алууга багытталган стратегиялык дагы бир кадам", — деген Жапаров. Чакан ГЭС курулуп жаткан Папан ирригациялык суу сактагычы Катар массивинин жанындагы Ак-Буура дарыясынын өрөөнүндө, Папан капчыгайынын эң кууш жеринде жайгашкан.
Кыргызстанда 5 жылдык эмгек стажы бар жарандар эң аз дегенде 6 миң 900 сом пенсия аларына ишенсе болот. Бул тууралуу Социалдык фонддун башкаруучулугунун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Пенсиянын базалык бөлүгүн толук алуу үчүн буга чейин эркектерге 25, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынчу. 1-июлдан тарта ал норма алынып, 5 жыл иштегендерге базалык бөлүгү толук төлөнө баштады. "Бул реформаларды жүргүзүү үчүн республикалык жана Социалдык фонддун бюджетинен 60 миллиард сом керектелет, бүгүнкү күндө 47 миллиард сому сарпталды", — деди Алиев. Ал белгилегендей, реформалардын алкагындагы беш жылдык тажрыйбага университетте окуу беш жыл, эркектер үчүн аскер кызматын өтөө, декреттик өргүүдө үч баласын багып жаткан аялдар кирет.
УКМК Балыкчы шаарынын мурдагы смотрящийи, криминалдык дүйнөдө Сапа каймана аты менен белгилүү жаранга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн билдирди.Маалыматка ылайык, ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган. "Сапа өзүнүн иш-аракеттеринин зыяндуулугун толук түшүнүп, криминалдык топторго катышуудан, ошондой эле өзүнүн статусунан жана уурулук идеясынан баш тартты", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле ал мыйзамдарды сактап, адал эмгек кылууну убадалап, уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүдө мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатын толугу менен колдой турганын айткан.
Кытайдын Гонконг атайын административдик районунда 90дон ашык адам В тобундагы стрептококк чакырган инфекцияга кабылып, төрт адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости аймактын ден соолукту коргоо борборуна таянып жазды. Соңку маалыматтар боюнча, 91 бейтаптын 40ы ооруканадан чыгарылды. Медициналык жайлардагы 43 бейтаптын абалы туруктуу, төрт киши оор абалда жана дагы төрт оорулуу каза тапкан. Эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыгы 75 бейтап оорунун симптомдору пайда болгонго чейин тузсуз суудан кармалган, бышыра элек балыктарды жегенин көрсөткөн. Оорулуулар Гонконгдун ар кайсы аймактарында жашаганы, балыктар 18 райондогу 47 базардан сатып алынганы аныкталган. Бейтаптардан инфекциянын ST283 штаммы чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0