00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев такси кызматына колдонулган оң рулдуу унааларды жарым жылдын ичинде сатып жиберүү туура чечим болорун айткан. Кечээ парламенттин комитети таксилерге лицензия берүү мыйзамын биринчи окууда жактырды. Ал кабыл алынса оң рулдуу автоунаалар менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салынат. "Менимче, бул жолу такси ишмердүүлүгүн лицензиялоо мыйзамы өтөт. ЖКККББнын демилгесин үчүнчү ирет карап жатабыз. Мында ал өтүшү керек, анткени депутаттарды экономикага караганда коопсуздук маанилүү экенине ынандырышты. Сол рулдуу автолорго өтүү зарыл", — деди эл өкүлү. Кыргызстандагы таксопарктардын 50-60 пайызын оң рулдуу машиналар түзөт.
Өлкөдө II чейректе мектептерге электрондук күндөлүк киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, учурда мектептер үчүн мамлекеттик электрондук күндөлүктү түзүү иштери аяктап калды. "Үстүбүздөгү окуу жылынын экинчи чейрегинен тарта жарандар билим берүү процессин башкарууну, билим берүүнүн сапатын баалоону жана окуу-методикалык материалдарды бириктирген биринчи улуттук портал болгон бул инновациялык инструментти пайдалана алышат", - деп айтылат маалыматта. Электрондук күндөлүк ачык-айкындуулукту жогорулатууга, мектеп, окуучулар жана алардын ата-энелери ортосундагы өз ара байланышты жакшыртууга, ошондой эле окуу процессин оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.Министрлик тарабынан иштелип чыккан электрондук күндөлүк окуучулар жана алардын ата-энелери, мектептер үчүн акысыз болору кошумчаланды.
Бишкекте чала таанышын дээрлик 30 миң долларга алдап кеткенге шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Милицияга Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, Бириккен Араб Эмиратынан Lexus GX-460 үлгүсүндөгү автоунаа алып келип берем деп 29 миң 500 доллар өлчөмүндөгү акча алып качып кеткен жаранга карата чара көрүп берүүнү суранган. Окуя боюнча Бишкек Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында шектуу кармалып, соттун чечими менен камакка алынды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.
Гавана Россия тарапка БРИКС блогуна өнөктөш мамлекет макамында кошулуу боюнча расмий өтүнүч менен кайрылды. Маалыматты Россиянын Кубадагы элчилиги Telegram каналына жарыялады. Катта "Гавана уюмда өнөктөш мамлекет макамында иштөөгө кызыкдар экени, быйыл БРИКСке төрагалык кылган Россия тарапка расмий билдирме жөнөтүлгөнү" айтылат. "Республика президенти Мигель Диас-Канель кезектеги саммитке "түшүндүрүү иштери/"БРИКС+" форматында катышууга чакырылды. Сиздерди Казанда 22-24-октябрь күндөрү күтөбүз", — деп жазылган катта. 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикмеге Россия ушул жылдын 1-январынан тарта уюмга төрагалык кылууда. БРИКС саммити 2024-жылдын 22-24-октябрында Казань шаарында болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0