https://sputnik.kg/20241014/yeaeb-zhurgunchu-zhuk-tashuu-1089439771.html
Кыргызстанда жүк, жүргүнчү ташуу өсүүдө. ЕАЭБдеги статистика
Кыргызстанда жүк, жүргүнчү ташуу өсүүдө. ЕАЭБдеги статистика
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жүк ташуу 4,4 пайызга өссө, жүргүнчү ташуу 5,1 пайызга көбөйгөн. 14.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-14T09:12+0600
2024-10-14T09:12+0600
2024-10-14T09:12+0600
еаэб
экономика
кыргызстан
статистика
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/17/1080713637_0:159:3078:1890_1920x0_80_0_0_6e07ae78385cabb6d748f8ece239ea15.jpg
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. ЕАЭБде жүк жана жүргүнчү ташуу өсүп жатат.2024-жылдын январь-август айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы ЕАЭБ боюнча жүргүнчү ташуу арбып, 7,8 пайызга жеткен. Ошону менен өлкөлөр ичиндеги көрсөткүчтөр да жакшы болгон.Статистика боюнча, эл ташууда эң көп өсүш Казакстанда (14,2 пайыз), андан кийин Беларуста (9 пайыз), Россияда (7,8 пайыз) жана Кыргызстанда (5,1 пайыз) катталган.Мындан тышкары, көрсөткүчтү карай келгенде биримдикте жүк ташуулар 0,5 пайызга арбыганы байкалган. Анын ичинен Кыргызстанда жүк ташуу 4,4 пайызга, Беларуста 2,8 пайызга, Россия менен Казакстанда 0,5 пайызга өскөн.Жүктөрдүн тоскоолдуксуз, эркин ташылышы — ЕАЭБ чөлкөмүндөгү төрт негизги макулдашуунун бири (калгандары кызмат көрсөтүү, капитал жана эмгек ресурстарына тиешелүү).
https://sputnik.kg/20241011/yeaeb-biznes-iran-eksport-kuchotuu-1089406935.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/17/1080713637_174:0:2905:2048_1920x0_80_0_0_471cf5cf49276f91beeebecce8c1458c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
еаэб, экономика, кыргызстан, статистика
еаэб, экономика, кыргызстан, статистика
Кыргызстанда жүк, жүргүнчү ташуу өсүүдө. ЕАЭБдеги статистика
Кыргызстанда жүк ташуу 4,4 пайызга өссө, жүргүнчү ташуу 5,1 пайызга көбөйгөн.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. ЕАЭБде жүк жана жүргүнчү ташуу өсүп жатат.
2024-жылдын январь-август айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы ЕАЭБ боюнча жүргүнчү ташуу арбып, 7,8 пайызга жеткен. Ошону менен өлкөлөр ичиндеги көрсөткүчтөр да жакшы болгон.
Статистика боюнча, эл ташууда эң көп өсүш Казакстанда (14,2 пайыз), андан кийин Беларуста (9 пайыз), Россияда (7,8 пайыз) жана Кыргызстанда (5,1 пайыз) катталган.
Мындан тышкары, көрсөткүчтү карай келгенде биримдикте жүк ташуулар 0,5 пайызга арбыганы байкалган. Анын ичинен Кыргызстанда жүк ташуу 4,4 пайызга, Беларуста 2,8 пайызга, Россия менен Казакстанда 0,5 пайызга өскөн.
Жүктөрдүн тоскоолдуксуз, эркин ташылышы — ЕАЭБ чөлкөмүндөгү төрт негизги макулдашуунун бири (калгандары кызмат көрсөтүү, капитал жана эмгек ресурстарына тиешелүү).