00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстан Россия менен кызматташпай коё албайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агентигине берген маегинде билдирген. Жакында өлкө башчы КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинде журналисттердин суроосуна жооп берип жатып "Батыш бизге Россия менен кызматташуу боюнча көрсөтмө бербеши керек" деп айткан. Мындан улам "Кабардын" журналисти "Россия же КМШ менен кызматташпоо тууралуу өтүнүчтөр болуп келеби?" деген суроо узаткан. Жапаровдун айтымында, Украинадагы жаңжал башталгандан бери Россияны жектеп, аны менен кызматташпагыла деген Батыш өлкөлөрү бар. "Россия менен товар жүгүртүү 4 миллиард доллардан ашат. Нефть, газ, буудай жана башка тамак-ашты сатып алабыз. Дүйнөгө чыкчу авто жана темир жолубуздун көпчүлүгү Россия аркылуу өтөт. Ал өлкөдө бир миллионго жакын мигрантыбыз бар. Анан кантип Россия менен иштешпей коё алабыз? өзүңөргө керек болгондо Россия менен жакшынакай эле кызматташасыңар дагы, бизге келгенде эле иштешпегиле дейсиңер. Бул талабыңар адилетсиз" деп ачык эле айтып жатам", — деген мамлекет башчы. Ошондой эле Жапаров Кыргызстан көп векторлуу саясат жүргүзөрүн, бардык өлкөлөр менен эки тараптуу кызыкчылыкта бирдей жана тең ата кызматташып жатканын белгилеген.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жыл башынан бери 430 керектөөчү кайрылган. Бүгүнкү күндө 400гө жакыны каралып, 1 миллион 605 миң сом акча кайтарылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адиси Эрлан Батырканов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, керектөөчүлөрдүн көпчүлүгү телефон сатып алууда укугу бузулганын айтып, даттанышууда. "Керектөөчүлөр мурдагы жылдарга салыштырмалуу активдүү. Бизге укуктарын коргоп берүүнү суранып, арыз менен кайрылгандар көбөйдү", — деди Батырканов.Ал керектөөчүнүн укугу бузулса Монополия кызматына арыз менен кайрылуу керектигин кошумчалады.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо турундагы оюнда алгачкы жеңишин камсыздады. Төртүнчү раундда “Ак шумкар” командасы 1:0 упай эсеби менен Түндүк Кореяны утуп алды. Жалгыз голду курама командадан Християн Браузман киргизди. Муну менен Кыргызстан 2026-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатына тандоо турундагы оюнда алгачкы жеңишти камсыздады. Эми Кыргызстан А тайпасында бешинчи орунду ээлеп калды. Ал эми алтынчыга Түндүк Корея түштү. Алдыда дагы 6 оюн бар.
Россиялык аскерлер фронтту Украина армиясы үчүн бөлүндү кылып, ажыратып салды. Бул туурасында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн отставкадагы полковниги Олег Стариков интервью берип жатып айтканын РИА Новости жазды. Анын журналист Александр Шелест* менен маектешкени YouTube каналына жарыяланган. "Бул — бүттү дегендик. Фронтту бөлүп салышты", — деп белгилеген ал. Полковниктин айтымында, кыйын кырдаал Курск облусунда жаралып, чегинүүгө туура келүүдө. Ушундай эле абал Украина аскерлери курчоодо кала турчудай көздөнүп турган Купянск багытында жаралды. "Алар маневрлар менен иштеп жатат", — деген Стариков.
Жаңылыктар түрмөгү
0