https://sputnik.kg/20241024/bishkek-akylbek-zhaparov-ekonomika-1089713717.html
Акылбек Жапаров: 2024-жылды "Кылым окуяларынын жылы" деп бааласак жарашат
Акылбек Жапаров: 2024-жылды "Кылым окуяларынын жылы" деп бааласак жарашат
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөдө көптөгөн иштер жасалганын айтып, айрымдарын тизмектеди. 24.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-24T13:02+0600
2024-10-24T13:02+0600
2024-10-24T13:02+0600
кыргызстан
бишкек
акылбек жапаров
экономика
өндүрүш
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/18/1089712953_0:0:1600:901_1920x0_80_0_0_ea3a06aae4c93bff050a1fcd8fd04315.jpg
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. 2024-жылды "Кылым окуяларынын жылы" деп сыймык менен бааласак жарашат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.Анын айтымында, быйыл өлкөдө жүздөгөн ишкана, социалдык объект ачылып, миңдеген атайын техникалар сатып алынган.Жапаров калктын аялуу катмарын колдоого жана жакырчылыкты кыскартууга багытталган иштерге токтолду."Биз адамдарды жөн эле жөлөк пул алууга эмес, акча табууга үйрөттүк. 2022-жылы жакыр жашаган 111 миң үй-бүлө бар болсо, 2024-жылы алардын саны 81 миң үй-бүлөгө чейин кыскарды. Бул максатта бюджеттин чыгашалары 25 миллион долларды түздү", — деди минкаб башчысы.
https://sputnik.kg/20241018/kyrgyzstan-ekonomika-akylbek-zhaparov-1089551940.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/18/1089712953_0:0:1424:1067_1920x0_80_0_0_8c19283eb70c7e9251cc33442398b765.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, акылбек жапаров, экономика, өндүрүш
кыргызстан, бишкек, акылбек жапаров, экономика, өндүрүш
Акылбек Жапаров: 2024-жылды "Кылым окуяларынын жылы" деп бааласак жарашат
Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөдө көптөгөн иштер жасалганын айтып, айрымдарын тизмектеди.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. 2024-жылды "Кылым окуяларынын жылы" деп сыймык менен бааласак жарашат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, быйыл өлкөдө жүздөгөн ишкана, социалдык объект ачылып, миңдеген атайын техникалар сатып алынган.
"Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын зор жетишкендиктер менен тосуп жатабыз. Бул маараке 1924-жылы автономдуулукка умтулган азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын кийинки муунга аманат катары тапшырган эгемендүү Кыргызстан болуу менен бирге аны өнүктүрүү милдетин татыктуу аткарып жаткандыгыбыз менен коштолууда. Бул — улуу сыймык. Быйыл, 2024-жылды, биз "Кылым окуяларынын жылы" деп сыймык менен бааласак жарашат", — деди ал.
Жапаров калктын аялуу катмарын колдоого жана жакырчылыкты кыскартууга багытталган иштерге токтолду.
"Биз адамдарды жөн эле жөлөк пул алууга эмес, акча табууга үйрөттүк. 2022-жылы жакыр жашаган 111 миң үй-бүлө бар болсо, 2024-жылы алардын саны 81 миң үй-бүлөгө чейин кыскарды. Бул максатта бюджеттин чыгашалары 25 миллион долларды түздү", — деди минкаб башчысы.