https://sputnik.kg/20241030/1089857428.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Алтын куймалардын баасы кайра рекорд коюп, бир граммдыгы 9 миң сомдон аштыЖайылдагы психоневрологиялык стационарда бейтап аялдар кордолгонСадыр Жапаров гимнди... 30.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-30T13:00+0600
2024-10-30T13:00+0600
2024-10-30T13:11+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/1e/1089857296_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_359a1650b5a9e323bda6380e585f0758.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Алтын куймалардын баасы кайра рекорд коюп, бир граммдыгы 9 миң сомдон аштыЖайылдагы психоневрологиялык стационарда бейтап аялдар кордолгонСадыр Жапаров гимнди өзгөртүү боюнча пикирин билдирди. Алдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине кезектеги маегинде гимнди өзгөртүү боюнча пикирин билдирген. Өлкө башчысы мурдагы гимн азаттыкка чыгып, эгемендүүлүк алган жылдарда жазылганын белгилеп, өзгөртүүгө каршы эмес экенин айтты. "Мамлекет катары толук калыптандык. Дүйнө жүзүнө таанылдык. Эми жүз жыл өтсө да азаттыкка чыктык, эгемен өлкө болдук деп ырдап жүрө беребизби? Ошондуктан эми өз алдынча мамлекет экенибизди, 5 миң жылдык тарыхыбыз бар эл экенибизди ырдап, жаштарга, келечек муундарга дух бере турган гимн жазып койсок эмнеге болбосун?" - деди Жапаров.Мамлекет башчы гимнди чыгармачыл адамдар, композиторлор, акындар жазып, элге салып, көпчүлүк колдошу керектигин айткан.
Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы жаңы рекорддук көрсөткүчкө жетип, бир граммдык куйманын баасы 9 миң сомдон ашты. 30-октябрга карата баа: 100 граммдык куймалар — 790 792,5 сом; унция (31,1 грамм) — 243 900,5 сом; 10 грамм — 78 455,5 сом; беш грамм — 40 159 сом; эки грамм — 16 838,5 сом; бир граммы — 9069,5 сом. Салыштыруу үчүн: 2015-жылы алтын куймалар сатыла баштаганда 100 граммдыктар 220-230 миң сомго жеткен. Октябрдын башында бир граммдык куймалар 8,5 миң сомдон жогору болуп, бир грамм бир айда 500 сомго жакын кымбаттаган. Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө алтындын баасы кымбаттап, бир унция 2 769 долларга жетти.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен инфузиялык эритмелер жана ампуладагы инъекцияларды чыгарган биринчи завод ачылды. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.Маалыматка ылайык, ишкана жылына 18 миллион флакон жана 5,7 миллион ампула өндүрө алат. Муну менен Кыргызстандын инфузиялык эритмелерге жана ампуладагы инъекцияларга болгон муктаждыгы камсыздалмакчы."Заводдун ачылышы өлкөнүн фармацевтика тармагын өнүктүрүүдөгү олуттуу кадам болуп саналат. РКӨФ каржылап эле тим болбостон, заводду долбоорлоо стадиясында олуттуу техникалык жардам көрсөттү, бул эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап өндүрүштү түзүүгө мүмкүндүк берди", — деди фонддун төрагасы Артем Новиков. Фонд заводдун ачылышына 7,7 млн доллар бөлгөн.
Жайыл районундагы Аялдардын психоневрологиялык социалдык стационарынын кызматкерлери бейтаптарга ырайымсыз, адамгерчиликсиз мамиле кылган. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон кабарлашты.Маалыматка ылайык, аталган борбордун кызматкерлери өткөн жумада Жайылдагы мекемеге барган. Алардын айтымында, №1 корпуста 72 адам көзөмөлдө болсо, аларга 64 эле керебет даярдалган. Эки аял жерде жатууга аргасыз, дагы алтоо эмереги, шарты жок, бош бөлмөгө киргизилген. Ал тургай ажаткана жок, анын ордуна чакалар коюлган. Стационардын кызматкерлери бул бөлмө психикалык жактан артта калгандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн "изолятор" катары колдонуларын билдирген. "Күндүн суугуна карабай аялдар кийими жок жатышкан. Бул алардын абалын ого бетер начарлаткан", — деп айтылат маалыматта. Документтер тиешелүү чара көрүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү. Бул маалыматтын видеосун Спутник - негизги жанылыктар тг каналынан көрө аласыздар.
Алтын куймалардын баасы кайра рекорд коюп, бир граммдыгы 9 миң сомдон аштыЖайылдагы психоневрологиялык стационарда бейтап аялдар кордолгонСадыр Жапаров гимнди өзгөртүү боюнча пикирин билдирди. Алдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине кезектеги маегинде гимнди өзгөртүү боюнча пикирин билдирген. Өлкө башчысы мурдагы гимн азаттыкка чыгып, эгемендүүлүк алган жылдарда жазылганын белгилеп, өзгөртүүгө каршы эмес экенин айтты. "Мамлекет катары толук калыптандык. Дүйнө жүзүнө таанылдык. Эми жүз жыл өтсө да азаттыкка чыктык, эгемен өлкө болдук деп ырдап жүрө беребизби? Ошондуктан эми өз алдынча мамлекет экенибизди, 5 миң жылдык тарыхыбыз бар эл экенибизди ырдап, жаштарга, келечек муундарга дух бере турган гимн жазып койсок эмнеге болбосун?" - деди Жапаров.Мамлекет башчы гимнди чыгармачыл адамдар, композиторлор, акындар жазып, элге салып, көпчүлүк колдошу керектигин айткан.Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы жаңы рекорддук көрсөткүчкө жетип, бир граммдык куйманын баасы 9 миң сомдон ашты. 30-октябрга карата баа: 100 граммдык куймалар — 790 792,5 сом; унция (31,1 грамм) — 243 900,5 сом; 10 грамм — 78 455,5 сом; беш грамм — 40 159 сом; эки грамм — 16 838,5 сом; бир граммы — 9069,5 сом. Салыштыруу үчүн: 2015-жылы алтын куймалар сатыла баштаганда 100 граммдыктар 220-230 миң сомго жеткен. Октябрдын башында бир граммдык куймалар 8,5 миң сомдон жогору болуп, бир грамм бир айда 500 сомго жакын кымбаттаган. Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө алтындын баасы кымбаттап, бир унция 2 769 долларга жетти.Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен инфузиялык эритмелер жана ампуладагы инъекцияларды чыгарган биринчи завод ачылды. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.Маалыматка ылайык, ишкана жылына 18 миллион флакон жана 5,7 миллион ампула өндүрө алат. Муну менен Кыргызстандын инфузиялык эритмелерге жана ампуладагы инъекцияларга болгон муктаждыгы камсыздалмакчы."Заводдун ачылышы өлкөнүн фармацевтика тармагын өнүктүрүүдөгү олуттуу кадам болуп саналат. РКӨФ каржылап эле тим болбостон, заводду долбоорлоо стадиясында олуттуу техникалык жардам көрсөттү, бул эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап өндүрүштү түзүүгө мүмкүндүк берди", — деди фонддун төрагасы Артем Новиков. Фонд заводдун ачылышына 7,7 млн доллар бөлгөн.Жайыл районундагы Аялдардын психоневрологиялык социалдык стационарынын кызматкерлери бейтаптарга ырайымсыз, адамгерчиликсиз мамиле кылган. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон кабарлашты.Маалыматка ылайык, аталган борбордун кызматкерлери өткөн жумада Жайылдагы мекемеге барган. Алардын айтымында, №1 корпуста 72 адам көзөмөлдө болсо, аларга 64 эле керебет даярдалган. Эки аял жерде жатууга аргасыз, дагы алтоо эмереги, шарты жок, бош бөлмөгө киргизилген. Ал тургай ажаткана жок, анын ордуна чакалар коюлган. Стационардын кызматкерлери бул бөлмө психикалык жактан артта калгандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн "изолятор" катары колдонуларын билдирген. "Күндүн суугуна карабай аялдар кийими жок жатышкан. Бул алардын абалын ого бетер начарлаткан", — деп айтылат маалыматта. Документтер тиешелүү чара көрүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү. Бул маалыматтын видеосун Спутник - негизги жанылыктар тг каналынан көрө аласыздар.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/1e/1089857296_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_15a5a71dfa6d2ba78fcf1725eb8553cb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио