00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин ачылыш аземи болду. Салтанатка президент Садыр Жапаров баш болгон өлкө жетекчилери жана маданият өкүлдөрү, шаар тургундары катышты. Аземдин алкагында көрүүчүлөр үчүн көңүл ачуучу театралдык жана цирк оюндары тартууланды. Мамлекеттик циркте 40 жылдан бери биринчи жолу капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.
4-5-6-ноябрь күндөрү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, жолдор Түркиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келгендигине жана Түрк мамлекеттери уюмунун саммитине байланыштуу жабылат. Чектөө кире турган көчөлөрдүн тизмеси: "Манас" эл аралык аэропортунан Бишкек шаарынын чегине чейин; Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Чүй проспектисине чейин; Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейин; Манас жана Ч.Айтматов проспектилери түштүктү карай "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү. Милиция жогоруда аталган жолдордун жээгине автоунааларды калтырбоого чакырды. Кыргызстанга 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик сапар менен, ал эми Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан расмий сапар менен келет. Алар 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун ТМУнун 11-саммитине катышат.
"Кыргызстан сулуусу — 2024" сынагынын жеңүүчүлөрүнүн бири Айпери Нурбекова эми эл аралык сынакка катышат. Бул тууралуу ал баракчасына жазды. Сынак Япониянын Токио шаарында 12-ноябрда өтөт. Азыркы тапта Нурбекова Японияда. Буга чейин ал эл аралык сынак үчүн даярдалган, өзүн тааныштырган видеону жарыялаган. Эске салсак, июль айында "Кыргызстан сулуусу — 2024" сынагы өтүп, анда дароо үч бийкеч жеңишке жеткен. 24 жаштагы Айпери Нурбекова “Жер сулуусу” наамын жеңип алган. Ал эми 16 жаштагы Ариет Санжарова "Дүйнө сулуусу", 18 жаштагы Мери Кувакова “Аалам сулуусу” аталышкан.
АКШ жетекчилиги, Россия өзөктүк куралды колдонуу маселеси боюнча белгилүү бир чектен эч качан өтпөйт деп ойлоп жаңылып жатат. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев айтканын РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, Дмитрий Медведев RT телеканалына маек куруп жатып өзөктүк куралды колдонуу маселеси боюнча пикирин билдирген. «Алар анчалык деле билимдүү адамдар эмес, эмнегедир Россия белгилүү бир чектен эч качан өтпөйт деп эсептешет. Алар жаңылып жатышат. Эгер биздин мамлекеттин келечеги, жашоосу тууралуу кеп кыла турган болсок, буга чейин биздин мамлекеттин президентти, мен жана башкалар дагы дайым айтып келгендей жөн эле башка тандоо болбой калат”, - деди Медведев RT телеканалына берген маегинде.
Жаңылыктар түрмөгү
0