00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Калкты тейлөө борборлору жана регион аралык бөлүмдөр 5-6-ноябрда кандай иштейтМолдовадагы президенттик шайлоодо Майя Санду озуп чыктыАкылбек Жапаров быйыл өлкөнүн ИДПсы 1,5 трлн. сомдон ашарын айттыАлдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү" аталышындагы Улуттук өнүктүрүү форумунда быйыл өлкөнүн ички дүң продукциясы 1,5 триллион сомдон ашарын билдирди. Анын айтымында, экономикалык саясат өлкөнүн позициясын чыңдоого мүмкүндүк түзгөн. "2023-жылы Кыргызстандын ИДПсы 1,2 триллион сомдон ашты. Ал эми быйыл бул көрсөткүч 1,5 триллион сомдон өтөт деп турабыз. Доллар менен эсептегенде жан башына ИДП 2500 доллардын тегерегинде. Ошону менен төрт жылда ИДП эки эсе, өлкө бюджети үч жылда үч эсе көбөйдү. Бюджет 2020-жылы 247,7 миллиард сом болсо, 2024-жылы 660 миллиард сомдон аша турганын жакшы билесиздер", — деди Жапаров. Ошондой эле ал өлкөдө коррупция менен күрөш жакшы натыйжа берип жатканын айтып, Кыргызстанды жетектеген идеология үч принципти: мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин биримдигин жана салык төлөө милдетин камтый турганын кошумчалаган.
Калкты тейлөө борборлору жана региондор аралык бөлүмдөр 5-6-ноябрда кадимки тартипте иштешет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш эртең мененки 8:00дө башталып, 18:00дө бүтөт. 12:00дө бир сааттык түшкү тыныгуу болот. Анткен менен 7-8-нобярда КТБ жана РАБдар эс алышат. Эске салсак, 5-6-ноябрда Бишкекте мамлекеттик маанилүү иш-чаралар мерчемделгендиктен министрлик, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери аралыктан иштесе, студенттер үйдөн окушат. Ал эми бала бакчалар жабык болот. Андан кийин 7-8-ноябрь майрам болсо, 9-10-ноябрь — дем алыш күндөр.
Улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген Нурлан Мотуев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунун чечиминде айтылган. Маалыматка ылайык, ал тергөө аяктагыча, тагыраагы, 29-декабрга чейин үй камагында болот. Сот анын кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тапканы белгиленди. 55 жаштагы Нурлан Мотуев расалык, этникалык, улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалганын Бишкек ШИИББден 31-октябрда кабарлашкан.
Молдованын азыркы жетекчиси Майя Санду жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда протоколдордун 98,92 пайызы саналгандан кийин добуштардын 55,04 пайызын алып, алдыга чыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Батышка ыктаган "Аракет жана тилектештик" партиясы колдогон Санду жарышта мурунку башкы прокурор, оппозициялык Социалисттер партиясынан чыккан Александр Стояногло менен ат салышты. Экинчи талапкер добуштардын 44,96 пайызын алган. Анткен менен өлкө ичиндеги участкалардын берген эсеби боюнча Стояногло (51,19%) алдыда экенин көрсөттү. Сандунун режими иштен алган Стояноглого Молдованын түндүк менен түштүгүндөгү эл көбүрөөк добуш берген. Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру кечээ өттү. Биринчи туру 20-октябрда болгон. Республиканын башчысы төрт жылга шайланат.
Жаңылыктар түрмөгү
0