https://sputnik.kg/20241106/1090020736.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров Түркия президенти Эрдоганга аргымак тартууладыАКШ Конгрессинин шайлоосунда республикачылар алдыга чыгыштыЖапаров менен Орбан биргелешкен 5... 06.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-06T13:00+0600
2024-11-06T13:00+0600
2024-11-06T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/06/1090020603_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_daa15f38fc93fd446c6481dfd16b0015.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров Түркия президенти Эрдоганга аргымак тартууладыАКШ Конгрессинин шайлоосунда республикачылар алдыга чыгыштыЖапаров менен Орбан биргелешкен 5 документке кол коюштуАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан бир нече документке кол коюшту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Алар кыргыз-венгер кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнү кеп кылышып, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшкан. Алар: Кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларация; Аба каттамы жөнүндө макулдашуу; Бажы жаатында кадрларды даярдоо жана кесиптик квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум; Юстиция министрликтеринин ортосундагы 2025-2027-жылдарга карата кызматташтык программасы; Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга билим берүү программасынын алкагында кызматташуу боюнча меморандум.
Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга аргымак тартуулады. Видеодон жылкынын маңдайында кашкасы бар экенин көрүүгө болот.Буга чейин Эрдоган Жапаровго Түркияда чыгарылган TOGG унаасын белек кылган.Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 4-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Анын алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү. Мындан тышкары, ал 6-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышууда.
Темир жолду шаардын сыртына чыгаруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин буйругу менен бекитилген Кытай компаниясы менен түзүлгөн кызматташуу боюнча меморандумдун долбоорунда айтылат. Анда төмөнкү жаатта кызматташуу жазылган: темир жолду шаардын сыртына чыгаруу жана жаңысын калаа сыртына куруу; темир жолдун ордуна магистраль, кесилишкен көчөлөргө чыккан тилкелерди салуу каралган; темир жол сыртка чыгарылгандан кийин бош калган жерди көрктөндүрүү.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкектин №57 мектебинде окуучунун энеси менен мугалимдин ортосундагы чатак боюнча үн катты. Эскерте кетсек, мектепте окуучунун энеси чатак чыгарып, мугалимди келекелеген видео тараган. Анда окуучулардын бирөөсүнүн энеси окуучулардын көзүнчө мугалимди басмырлаганын угууга болот. Бул боюнча билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева социалдык тармактагы баракчасына кайрылуу жазды. "Мугалим жалдап алган кул же малай эмес! Эч кимдин эч качан сабак өтүп жатканда класска киргенге акысы жок! Өзгөчө окуучулардын жана ата-энелердин алдында басмырлоого жол берилбейт! Укук коргоо органдары баа берет деп ойлойм, окуяны жеке көзөмөлгө алдым", — деген министр.
АКШ Сенатына жана Өкүлдөр палатасына шайлоодо республикачылар алдыда бара жатат. Бул тууралуу Fox News басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды. Телеканал республикачылар Сенатта 48, ал эми демократтар 38 орунга ээ болуп жатканын белгилеген. Жалпысынан Конгресстин жогорку палатасында 100 орун бар. Ал эми Өкүлдөр палатасында республикачылар 114, демократтар 80 орунга ээ болушту. Бардыгы болуп 435 орун бар. АКШда шейшембиде президенттик жана Конгресстин эки палатасына шайлоо өтүүдө. Президенттик шайлоодо демократтардан вице-президент Камала Харрис ал эми республикачылардан мурдагы президент Дональд Трамп ат салышууда. Чечүүчү добуш берүү эки тарапка тең артыкчылык берилбеген штаттарда болот. Бул жылы аларга Аризона, Висконсин, Жоржия, Мичиган, Невада, Пенсильвания жана Түндүк Каролина кирди.
Садыр Жапаров Түркия президенти Эрдоганга аргымак тартууладыАКШ Конгрессинин шайлоосунда республикачылар алдыга чыгыштыЖапаров менен Орбан биргелешкен 5 документке кол коюштуАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан бир нече документке кол коюшту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Алар кыргыз-венгер кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнү кеп кылышып, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшкан. Алар: Кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларация; Аба каттамы жөнүндө макулдашуу; Бажы жаатында кадрларды даярдоо жана кесиптик квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум; Юстиция министрликтеринин ортосундагы 2025-2027-жылдарга карата кызматташтык программасы; Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга билим берүү программасынын алкагында кызматташуу боюнча меморандум.Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга аргымак тартуулады. Видеодон жылкынын маңдайында кашкасы бар экенин көрүүгө болот.Буга чейин Эрдоган Жапаровго Түркияда чыгарылган TOGG унаасын белек кылган.Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 4-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Анын алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү. Мындан тышкары, ал 6-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышууда.Темир жолду шаардын сыртына чыгаруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин буйругу менен бекитилген Кытай компаниясы менен түзүлгөн кызматташуу боюнча меморандумдун долбоорунда айтылат. Анда төмөнкү жаатта кызматташуу жазылган: темир жолду шаардын сыртына чыгаруу жана жаңысын калаа сыртына куруу; темир жолдун ордуна магистраль, кесилишкен көчөлөргө чыккан тилкелерди салуу каралган; темир жол сыртка чыгарылгандан кийин бош калган жерди көрктөндүрүү.Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкектин №57 мектебинде окуучунун энеси менен мугалимдин ортосундагы чатак боюнча үн катты. Эскерте кетсек, мектепте окуучунун энеси чатак чыгарып, мугалимди келекелеген видео тараган. Анда окуучулардын бирөөсүнүн энеси окуучулардын көзүнчө мугалимди басмырлаганын угууга болот. Бул боюнча билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева социалдык тармактагы баракчасына кайрылуу жазды. "Мугалим жалдап алган кул же малай эмес! Эч кимдин эч качан сабак өтүп жатканда класска киргенге акысы жок! Өзгөчө окуучулардын жана ата-энелердин алдында басмырлоого жол берилбейт! Укук коргоо органдары баа берет деп ойлойм, окуяны жеке көзөмөлгө алдым", — деген министр.АКШ Сенатына жана Өкүлдөр палатасына шайлоодо республикачылар алдыда бара жатат. Бул тууралуу Fox News басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды. Телеканал республикачылар Сенатта 48, ал эми демократтар 38 орунга ээ болуп жатканын белгилеген. Жалпысынан Конгресстин жогорку палатасында 100 орун бар. Ал эми Өкүлдөр палатасында республикачылар 114, демократтар 80 орунга ээ болушту. Бардыгы болуп 435 орун бар. АКШда шейшембиде президенттик жана Конгресстин эки палатасына шайлоо өтүүдө. Президенттик шайлоодо демократтардан вице-президент Камала Харрис ал эми республикачылардан мурдагы президент Дональд Трамп ат салышууда. Чечүүчү добуш берүү эки тарапка тең артыкчылык берилбеген штаттарда болот. Бул жылы аларга Аризона, Висконсин, Жоржия, Мичиган, Невада, Пенсильвания жана Түндүк Каролина кирди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/06/1090020603_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_35245b6f0b88377090c68a3065cff4a1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио