00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
ВИЧ менен ооругандардын арасында жаңы төрөлгөн баладан карыяларга чейин бар
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Төө-Ашууда кар жаап жатат. Буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришкендей, аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө. Каттам бар. Ушундай эле жумуштар Өтмөк жана Ала-Бел ашууларында аткарылып жатат. Жол ачык. Ошондой эле Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон, Кызыл-Бел ашууларында да кум чачуу иштери жүрүп жүрүүдө. Каттам бар. Транспорт министрлиги айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
КМШ өлкөлөрү аскердик кызматташуунун 2030-жылга чейинки концепциялык долбоорун иштеп чыгышат. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Сергей Лебедев айтканын РИА Новости жазды. Ал учурдагы геосаясий абалды эске алганда мындай долбоор маанилүү экенин белгилеген. "Азыркы кырдаалда аскердик коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты арттыруу туруктуулуктун маанилүү фактору болору айдан ачык. Биз КМШ мамлекеттеринин 2030-жылга чейинки аскердик кызматташуусунун концепциясын иштеп чыгууга киришип жатабыз. Анда кызматташуунун артыкчылыктуу жана жаңы багыттары так көрсөтүлөт", – деген Лебедев Москвада өткөн КМШнын коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 12-жолугушуусунда. Ал КМШ уюмуна кирген өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн аскердик, тактикалык, техникалык даярдыктары тажрыйбалардын, илимий жетишкендиктердин негизинде жүрүп, өз ара тыгыз алакада өнүгүшү үчүн аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалаган.
10-ноябрдан тарта техникалык регламенттерге азык-түлүктүн коопсуздугу жана аны маркалоо боюнча өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, азык-түлүк өндүргөн же импорттогон ишкананын реквизиттери өзгөрсө мурдагы маркалоо үч жылга чейин колдонулушу мүмкүн. "Техникалык регламентке өзгөртүүлөр кирди. Ага ылайык, өндүрүүчүнүн же импорттоочунун дареги өзгөрсө, шаар, облус же көчө аталышы алмашса, бирок ишкананын географиялык орду өзгөрбөсө эски дареги менен маркалоо жүргүзүүгө үч жылдык мөөнөт берилет", — деп айтылат маалыматта.ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу министри Валентин Татарицкий бул өзгөртүүлөр маркалоону алмаштыруу менен байланышкан чыгымдарды азайтарын белгилеген.
Темир жолду шаардын сыртына чыгаруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин буйругу менен бекитилген China Road And Bridge Corporation in Kyrgyzstan компаниясы менен түзүлгөн кызматташуу боюнча меморандумдун долбоорунда айтылат. Анда төмөнкү жаатта кызматташуу жазылган: темир жолду шаардын сыртына чыгаруу жана жаңысын калаа сыртына куруу; темир жолдун ордуна магистраль, кесилишкен көчөлөргө чыккан тилкелерди салуу каралган; темир жол сыртка чыгарылгандан кийин бош калган жерди көрктөндүрүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0