00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстанда жайгаштыруу жайларды классификациялоо системасын жаңылоо пландалууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Маалыматка ылайык, классификациялоо ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. "Мейманканаларды классификациялоо системасы 1995-жылдан бери ыктыярдуу негизде жүргүзүлүп келген. Анткен менен бул система кыйла эскирип, эл аралык жана рыноктогу талаптарга жооп бербейт", — деп айтылган негиздемеде. Туризм тармагынын өкүлдөрү менен болгон талкууларда сапат стандарттарын жакшыртуу жана туристтердин канааттануусун жогорулатуу максатында жайгаштыруу объектилери үчүн классификация системасын жаңылоо зарылчылыгы белгиленген. Ага ылайык, мейманкана, конок үй, боз үй, курортторду классификациялоо сунушталууда. Мисалы, мейманканаларга карата 23 блокко бөлүнгөн 257 параметр ошондой эле баалоодо имараттын сырткы көрүнүшү, интернеттин болушу жана башкалар эске алынат.
Төө-Ашууга түшкөн кар көчкү толук тазаланып, жолдун эки тарабы тең жеңил унааларга ачылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.Маалыматка караганда, көчкү саат 10:20да толук тазаланып бүткөн. Министрлик оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алына электигин кошумчалады. Жабыркагандар жок. Эске салсак, Төө-Ашууга кар көчкү эртең менен саат 9дар чамасында түшкөн.
Кечээ, 7-ноябрда, Москвада КМШ өлкөлөрүнүн III медиа форуму өттү. Ал "Өзгөрүп жаткан дүйнөдө медианын өнүгүшү" деп аталып, иш-чарага тиешелүү министрликтердин жетекчилери жана эл аралык уюмдардын, КМШ өлкөлөрүнүн ЖМК өкүлдөрү катышты.Пленардык отурумдун негизги темасы "Заманбап медианын трансформациясы: гезит жана журналдардан жасалма интеллектке чейинки өнүгүү процесстери" болду. Сессиялардын жүрүшүндө катышуучулар КМШ медиа тармагынын жасалма интеллект доорундагы келечеги, медиадагы жаңы тренддер жана форматтардын атаандаштыгы, маалыматты текшерүү жана контентти верификациялоо, бирдиктүү маданий медиа код жана трансчек аралык медиа долбоорлорду талкуулашты. Форумду "Россия сегодня" эл аралык медиатобу уюштуруп, иш-чара Россиянын Санариптик өнүгүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлигинин колдоосу менен өткөрүлдү.
Россиянын Кытай менен мамилеси үчүнчү өлкөлөргө, анын ичинде АКШга каршы түзүлгөн эмес. Бул тууралуу Владимир Путин "Валдай" форумунда айтты. Ага "эгер президент Трамп телефон чалып, "Кытайды жеңүү үчүн күчтөрдү бириктирели" десе, эмне деп жооп берет элеңиз" деген суроо узатылган. "Биздин Кытай менен кызматташтыгыбыз бирөөгө каршы эмес. Биз алаканы бирөөгө, анын ичинде АКШга каршы түзгөн эмеспиз. Биз эки өлкөнү өнүктүрүү, элдердин коопсуздугун камсыздоо үчүн керектүү шарттарды түзүү үчүн достошуудабыз", — деп белгилеген Путин. Ал ушундай эле принцип Россиянын АКШ менен мамилесине да тиешелүү экенин белгиледи. Эл аралык "Валдай" дискуссиялык форуму – Россия жана башка өлкөлөрдүн саясат таануу, экономика, тарых жана эл аралык мамилелер жаатындагы алдыңкы эксперттеринин биримдиги.
Жаңылыктар түрмөгү
0